Түштүк Кореялык дипломаттар талиптер менен барымтадагы корейлердин тагдыры тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Газни провинциясына барышкан. Бирок, азырынча эки тараптын жолгушуусу кайсы жерде өтөөрү такталган жок. Талиптер сүйлөшүүлөр БУУ нун катышуусунда өтсүн деп талап кылышкан. 19-июлда талиптер 23 Түштүк Кореянын жаранын барымтага алып, андан бери алардын 2 сүн өлтүрүшкөн.