Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:11

О.ДҮЙШЕЕВ: КЫРГЫЗДЫН БАЙЛЫКТАРЫНА ЧЕТ ЭЛДИКТЕР БАШЧЫЛЫК КЫЛГАНЫНА КАПАМЫН


Кыргызстандагы тоо кенчилер ассоциациясынын жетекчиси Орозбек Дүйшеев бүгүн эртең менен «Азаттык» үналгысынын түз эфиринде болуп, айрым суроолорго жооп берди.

- Эки күн мурда өлкөдө соңку күндөрү бир топ чууну жараткан маселеге чекит коюлду окшойт. Өкмөт “Манас ордо” комплексиндеги казуу иштерин токтотууну талап кылган токтом кабыл алды. Өкмөттүн бул чечимине карата сиздин мамилеңиз кандай?

- Мен бул токтомду колдойм. Айтып коюшубуз керек кечирээк болуп калды. Мындай ишти тездетип эле коюш кере кэле. Анткени бул “Манас ордо” жайы кыргыз элинин тарыхы жана ыйык жери. мындай жерге башаламакндыкты жиберүү эч уруксат эмес.

- Ошол эле учурда маселе толук ушуну менен чечилди деп айтууга болобу. Анткени айрым жаштардын уюмдарынын өкүлдөрү бул токтом биздин көңүлүбүздү алагды кылып туруш үчүн эле кабыл алынды. ШКУ саммити өтүшү менен эле кайра иштер башталат деп атышат. Сиз кандай дейсиз?

- Андай айтууга да болот. Анткен себеби биз башында эле ошол маселе көтөрүлгөндө айттык эле. Булардын мааниси, максаты эмнеде? Эгерде чынында эле ошол Кароол чокуда тарыхый чоң ачыла турган нерсе болсо, анын бардыгын биринчи жолу изилдеш керек. Ошол барбы, жокпу? Анүчүн биздин академиябыз, институттарыбыз бар. Биздин жергиликтүү эл өзү көтөрүп чыгыш керек. Эмне үчүн бир жактан келе калган аферисттер ушул ишти башташ керек. Менин капа болгонум, бул кийинки убакта эгемендүү болгондон кийин тарыхый кыргыз элинин байлыктарына сырттан келген аферисттердин башчылык кылгандыгы. Мисалы, Кумтөрдү Борис Бренштейн деген аферист, азыр “Жерүй” боюнча Березовскийдин көлөкөсү көрүнүп калып атат. Бул жерге болсо кайдан бир грузиндер келип атат. Бул эмне дегенди билдирет? Бул Кыргызстанды басмырлагандыкка тете. Ошондуктан бул токтомду тезинен чыгарып, ушундай башаламандыкка алып келгендерди жоопко тартыш керек.

- Ушул токтом эгерде бир катар бей өкмөт уюмдар жана саясий кыймылдар өкмөткө кысым көрсөтүп бир канча акцияларды өткөрбөгөндө токтом кабыл алынмак беле?

- Менин оюмча андай эмес. Анткени бизде бийликтеги башаламандык алиге чейин жүрүп атат. Маселен, Акаевдин кеткенине үчүнчү жыл болуп баратат. Бирок бийликтеги башаламандык али көп убакта көрүнүп калып жатат.

- Бүгүн 8-август, дагы туура 8 күндөн кийин Шанхай уюмунун саммити башталат. Бул окуянын кандай деңгээлде өтөөрүнүн өзү Кыргызстандагы кырдаал тууралуу жалпы дүйнөгө маалымат бере тургандай болуп турат окшойт. Айрымдар ушул күндөрү пикет, митингдерди өткөрөбүз деп атышат. Сиздин оюңузча саммиттин алдында өлкөдөгү жагдай кандай азыр?

- Менин оюмча, биздин өлкөдө ушундай чоң жыйын өтүп атканы кыргыз элинин аброюн көтөрөт. Эгерде ушундай жыйын өтүп атканда, өздөрүнүн тентектигин көрсөтүп, пикетке чыкса, биз өзүбүздү өзүбүз төмөндөткөн болуп эсептелебиз. Андайлар кыргыз элинде пайда издеген адамдар эмес. Тынчтык менен, абдан маданиятуулук менен өткөрүүгө аракет кылышыбыз керек.

- Саммиттин дагы эртеңи болот дегендей, быйыл күз Кыргызстан үчүн бейстабилдүү болот деп божомол кылып атат Феликс Кулов. Анткени анын жеке маалыматтарына караганда парламентти таркатуу тууралу аракеттер көрүлүп жаткан имиш. Чын эле күзүндө кандайдыр бир олку-солку окуялар болушу мүмкүнбү?

- Айтып коелу, бардык нерседе кандайдыр бир чындыктар бар. Анткени саммитте абдан эле жакшы маселелер чечүүсү мүмкүн. Анткени кыргыздын жеринде өтүп атканы бул жөнөкөй эмес. Экинчиден, саммит өткөндөн кийин кээ бир башаламандыкты каалаган адамдар башын көтөрүүсү мүмкүң. Бирок эгерде биздин азыркы шайланган депуттарыбыз кыргыз элине көп пайда алып келген жок. Башаламандыкты баштагандардын негизи ошолор. Анткени революция болгондо айтылган, эң биринчи максат мыйзамсыз шайланган депутаттар иштөөгө мүмкүн эмес деген эң негизги талап ушул болчу. Бул талап аткарылбай калган. Демек элибиз билет экен. Биздин депутаттар кыргыз элине пайдалуу бир чечим кабыл алдыбы? Эч ала элек. Анткени мурунку шайланган депутаттардын чечимин алиге чейин контролго алган жок. Маселен, Кумтөр, Жерүй, Каракече боюнча, булардын бары ошол бойдон калып атат, башаламандык жүрүп атат.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG