Владимир Путиндин алдында орус өкмөтүн - кызматка май айында дайындалган Сергей Степашин башкарган, ага чейин болсо, 1998-жылдын жайында Сергей Кириенкону алмаштырган Евгений Примаков премьер болчу жана ал дагы бул кызматта бир жылдан аз иштеди. Премьер кезинде Примаков - өлкөгө кеңири тараган коррупцияга каршы катуу күрөшүп, кызматтан алынгандан кийин болсо, ал күрөштү дагы күчөтө турганы жөнүндө көп айткан жана Маскөөнүн мэри Юрий Лужков менен биригип, жакындап келаткан президенттик шайлоодо жеңип чыгууга даярданып калган.
"Азаттыктын" аналитиги Брайан Вайтмордун айтымында, ошол кезде Примаков менен Лужковго каршы туруштук бере ала турган адам изделе баштаган жана Степашин ага жарабайт деп, 9-августта анын ордуна Коопсуздук кызматынын башчысы Путин дайындалган. Ал кезде эч ким ага өтө деле көңүл бурган эмес, бирок үч-төрт айдын ичинде абал кескин өзгөргөн.
Путин премьер болуп дайындалаар алдында чечен корбашыларынын бири Шамил Басаев Дагестанга кол салган. Андан көп өтпөй, борбор калаа Маскөө жана бир нече башка шаарда террордук жардыруулар болуп, үч жүзгө жакын адам набыт кеткен жана орус өкмөтү аны менен байланыштуу катуу чараларды көрө баштаганы кеңири калк арасындагы Путиндин кадырын дароо көтөргөн.
Чеченстанга каршы экинчи согушту баштаган Путин өзү дагы карапайым элге өтө жаккан ойлорду катуу сөздөр менен сүйлөгөн:
- Террорчуларды биз кайда болбосун таап-кармап, аларды аэропорт болсо - аэропортто, даараткана болсо дааратканада жок кылабыз. Мындан ары эч маселе болбойт,- деп айткан ал кезде Путин.
"Кылмыштуу орус өкмөтүнүн пайда болушу" деген китеп жазып, аны Батышта чыгарган Дэвид Сэттердин айтымында, андай террордук аракеттерди Орусиянын коопсуздук кызматы өзү уюштурганы жөнүндө далилдер жетиштүү:
- Менин оюмча, ал үйлөрдү ФСБ өзү жардырган деген жыйынтык чыгарганга жетиштүү далилдер бар. Андай ыкма менен экинчи Чечен согушун баштоого шылтоо табылган жана Ельцин тандаган адамды шайлоо үчүн негиз түзүлгөн. Бирок аны менен өтө коркунучтуу үлгү пайда болду, анткени ар бир адамдын аң-сезиминде эми - бийликке ушундай ыкма менен дагы келсе болот деген ой пайда болууда. Ошондуктан, ал кездегидей ченемде болбосо да, 2008-жылдагы шайлоо алдында дагы жаңы провокациялар болушу мүмкүн,- дейт Сэттер.
Мындай ыкмалар менен кошо маалымат каражаттары аркылуу кеңири пропаганда уюштурулганы карапайым калкка дагы, Орусиянын бюрократиясына дагы - шайлоо учурунда кимди колдош керек экени жөнүндө ачык белги берилген.
Натыйжада үч-төрт айдын ичинде калк арасында Путинди колдогондордун саны - Примаков менен Лужковдукунан ашып түшкөн жана 31-декабрда Ельцин - өлкөнү мындан ары ким башкараары жөнүндө ачык айткан.
Вайтмордун пикиринде, аны менен дагы бир терс мисал ишке ашып, кийинкиге үлгү болууда - менин ордумду мына бул адам басат деп жетекчи тандаган кимди болбосун эми эл шайлоо аркылуу кеңири колдогонго даяр.