Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:47

ОППОЗИЦИЯ КУУГУНТУК ЖЕП ЖАТАБЫ?


Элеонора Бейшенбек кызы, Бишкек 7-августта "Келечеги кең Кыргызстан үчүн" Бириккен фронттун мүчөсү Өмүрбек Абдрахмановду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кайрадан суракка чакырды. Андан мурдараак аталган фронттун лидери Феликс Куловго апрель митингисинде массалык баш аламандыкты уюштурган деп айып тагылган.

Өмүрбек Абдрахмановдун айтымында оппозиция митингисинин кууп таратылышына алып келген массалык тартипсиздиктин башында тургандар деп улуттук коопсуздук боюнча мамкомитет Өмүрбек Абдрахманов, Феликс Кулов жана Өмүрбек Субаналиевди күнөөлөп жатат:

- Баарын уюштуруп, элдерди алып келип, чатырларды тигип баш аламандыкты атайын жасашкан, атайын уюштурган деген күнөө коюптур. “Абдрахманов ошол он тогузу күнү саат бештен кийин мени күнөөлөбөсүн деп атайын кетип калган” дептир. Эгиз неберелүү болуп, ошол күнү үйбүлөбүздө белгилемекпиз. Ошол боюнча митинг бүтө электе эле кетип калгам. Андан кийин кандай болуп кетерин каяктан билели.

Өткөн жумада Феликс Кулов маалымат жыйын өткөрүп, өзүнө тагылган айыпты негизсиз деп, аны бийликтин саясий буйрутмасына тогогон. Куловдун пикиринде оппозициялык күчтөргө өздөрүнүн ири нааразылык акциясын кадимки тентектик көрүнүшкө айлантуунун кажети жок болчу:

- Биз өзүбүздун иликтөөбүздү жүргүздүк. Тергөө комиссиябызды түзүп, миңден ашык адамды сурамжылоого алдык. Эгерде сот болсо ошол миң адамдын беш жүзүн корткутуп алышса деле, калган беш жүзү айтып чыгат. Бул саясий жараянга айланат. Биз ошондо баары кандай болгонун, чагымчылык кантип башталганын көрсөтөбүз.

Бирок жаш саясатчылар арасында оппозиция митингиси кууп таратылып, анда башаламандыктын орун алышына бириккен фронттун лидери Кулов жооптуу деген пикирлер бар:

- Ал кишиге айыпты ошол массалык баш аламандык болгондон кийин мынча убакытка созбой, элди толкутпай башкаларга күнөө айып койбой, дароо эле жасашы керек болчу. Эгерде Куловдон башка адамдарды күнөөлөй турган болсо, анда ошол бут катышкан элдердин баарын күнөөлөш керек болот. Анткени ал саясий акция болгон. Ал эми ошол саясий акцияны кылмыш акциясы менен коштоп жатышын туура эмес деп эсептейм. Бирок ошентсе дагы провокациянын башында Кулов турган деп айтса болот -дейт, Жаш саясатчылар форумунун координациялык кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов.

Оппозиция митингисине байланыштуу айыпталап жаткандардын арасында ошол убакта Бириккен фронттун жаштар канаты аталып жүргөн "Канжар" уюмунун лидерлеринин бири Адилет Айтикеев да бар. Бирок Феликс Кулов мааалымат жыйында аталган уюмдун фронтко эч кандай тиешеси жок экенин айткан. Адилет Айтикеев “Азаттыкка” берген интервьюларынын биринде жаштар дале саясий оюндардын, саясатчылардын куралы болуп жатканын, "Канжар" жаштар уюмунун мүчөлөрү митингге жакшы тилектер менен кошулганын айткан болчу:

- Фронттун кандай максат менен жасаганын билбейт экем, бирок биз жакшы ниет менен кошулганбыз. Жакшы демократиялык коомду, ачык айкындуулукту орнотолу деген ой менен чыкканбыз. Биз жаштарбыз. Келечекте өлкөбүздүн патриот жаштары Кыргызстандын тагдырын өз колуна алып, жакшы нерселерди жасашыбыз керек. Биз Кыргызстандын жаштары көрүнгөн саясатчынын этегине жармашпай, көрүнгөн саясатчынын кол жоолугу болбой өз тагдырыбызды өзүбүз чечишибиз керек. Бүгүнкү саясий аренада өзүн саясатчымын деп эсептегендер, оппозиция өкүлүмүн деп эсептегендер өңчөй популисттерден куралыптыр. Муну мен өзүмдүн башыма түшкөндө гана билип атам...

Адилет Айтикеевдин тагдыры азырынча белгисиз.
Оппозициянын бир катар жетекчилерине 19-апрелде массалык баш аламандыкты уюштурган деп айып тагылып, алардын айрымдары Улуттук коопсуздук боюнча мамкомитет суракка алууда. Эгерде коюлган айыптар далилденсе алар сегиз жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал. Бирок айыптануучулар күнөөсүз экенин айтып, бийликтин бул аракеттерин саясий буйрутма, куугунтук деп сыпатташууда.

XS
SM
MD
LG