Өзбекстандын беш жараны Кыргызстандын Карасуу чек ара постунан кыйла өтүп бара жатканда кармалды. Жеринде протокол түзүлүп, иш Карасуу райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Бул туурасында кыргыз чек ара кызматынын ички штабынын башчысы, полковник Абдукерим Абышаев “Азаттыкка” билдирди. Абдукерим Абышаев, Өзбекстанда турмуш акыбалы оор калк айласыздан Кыргызстанга жалданып иштешет же базарларда соода сатык кылышат дейт. Аскер чиновниги чек ара бузган коңшу өлкөнүн жарандарына административдик жаза колдонуп, акчалай айыпка жыгып, кайра мекенине кайтаруу натуура, кылмыш жоопкерчилигине тартылыш абзел, ошондо гана тартип бузуулар азаят деп эсептейт. Ал эми Карасуу районунун баш милициясы, Курсант Асанов чек ара бузган өзбекстандыктардын иши эмдиги жума сотто каралаарын, анткен менен аларга мурда да берилген жеңил чара таасир этпей кайрадан мыйзам бузуп жатышкандыгын кыйытты. (ATo)