Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Мамлекеттик сапардын убагында Ху Цзиньтао президент Курманбек Бакиев, премьер-министр Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыктын багыттарын талкуулашат. Тышкы иштер министри Эднан Карабаевдин билдиргенине караганда, сапардын чегинде эки мамлекет башчы Биргелешкен декларация кабыл алары күтүлүүдө. Мындан тышкары Маңзаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш жөнүндөгү, Малдын карантини жөнүндөгү, Конфуций атындагы жогорку окуу жайын ачуу жөнүндөгү өкмөттөр аралык макулдашууларга, Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөгү меморандумга кол коюлат. Ошондой эле Түштүктөгү цемент-шифер ишканасына, Банк тармагындагы кызматташтыкка байланышкан коммерциялык негиздеги макулдашуулар да кабыл алынаары күтүлүүдө. (BuS)