Бүгүн Кытай Эл Республикасынын төрагасы Ху Цзиньтаонун Кыргызстандагы ырасмий иш сапары башталат. Аны «Манас» абамайданында премьер-министр Алмазбек Атамбаев тосуп алмакчы. Тышкы иштер министри Эднан Карабаевдин айтымында, сапардын чегинде эки мамлекеттин башчылары Биргелешкен декларацияга кол коюшат. Ошондой эле маңзаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш жүргүзүү, малдын карантини, айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөгү документтерге да кол коюлушу күтүлүүдө. Ырасмий иш сапарынын учурунда Ху Цзиньтао президент Курманбек Бакиев, премьер-министр Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов менен жолугушуп, эки тараптуу саясий, соода-экономикалык, маданий гуманитардык кызматташтыктын келечегин талкуулашат.
Тышкы иштер министри Эднан Карабаевдин кечээ билдиргенине караганда, сапардын чегинде эки мамлекет башчы коңшулук ынтымакты тереңдетүү, достук жана кызматтыштык боюнча Биргелешкен декларацияга кол коюшу күтүлүүдө. Мындан тышкары бир нече келишим, макулдашууларга кол коюлат:
- Саясий документ катары Биргелешкен декларацияны, келишимдер боюнча мамлекеттер аралык маңзаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы, малдардын карантини, айлана чөйрөнү коргоо жөнүндөгү меморандумга кол коюлат. Андан сырткары Конфуций атындагы жогорку окуу жайын ачуу жөнүндөгү өкмөттөр аралык макулдашууларга, Түштүктөгү цемент-шифер заводуна, банк тармагындагы кызматташтыкка байланышкан коммерциялык негиздеги макулдашуулар да кабыл алынаары күтүлүүдө.
Эднан Карабаев белгилегендей Кытай жетекчиси Ху Цзиньтаонун Бишкекке ырасмий иш сапары Шанхайда кол коюлган узак мөөнөттөгү эки тараптуу кызматташуу программасынын алкагында жүргүзүлүп жатат.
Ал эми экс-премьер министр Амангелди Муралиевдин пикиринде Кыргызстан менен Кытай жеке эле соода-сатык менен чектелбей, жогорку технологиялар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү багытын дагы колго алса бул иш Кыргызстанга пайдалуу болмок:
- Мына азыр Кытай жогорку технологиялар боюнча алдыңкы мамлекеттердин катарына кошулду. Мына космос, нанатехнологиялар жагынан, электроника жагынан Кытай жогорку деңгээлдеги мамлекет болуп атат. Ошон үчүн биздин Кыргызстан экономика тарабынан Кытай менен өзүнө ылайыктуу, өзүнө натыйжалуу боло турган тармактар менен байланышса жакшы болот эле. Жалаң эле соода менен эмес, ошол теле коммуникация, электроника технологияларды Кыргызстанга жайгаштырып, ушул жерден электроника заводдорду ачса, телекоммуникациялык технологияларды тартса. Ошон үчүн мен ойлоп атам ушундай жогорку технологиялар биздин өлкөгө жайгашса пайдалуу болмок.
Амангелди Муралиев Конфуций атындагы Жогорку окуу жайдын ачылышын колдой тургандыгын, ал окуу жай техникалык өңүттө да кыргыз жаштарына билим берсе, жогоруда айтылган жогорку технологиялар менен иштөөчү кадрлар өзүбүздөн дайындалат эле деген оюн айтты.