Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:28

Б.БЕШИМОВ: ШКУнун АЛКАГЫНДА КЫРГЫЗСТАН ГАНА ЭҢ ДЕМОКРАТИЯЛУУ


Борбор Азияда Америка университетинин вице-президенти, белгилүү саясатчы Бакыт Бешимов “Азаттыктын” таңкы түз эфиринде кабарчыбыздын айрым суроолоруна жооп берди.

- Бүгүн Ху Цзиньтао Бишкекте болот. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр өтөт. Кытай-кыргыз алакаларында негизги приоритеттүү суроо катары кандай маселелер каралышы керек деп ойлойсуз?

- Негизги приоритет азыркы учурда эки маселе десек болот. Биринчиси, жалпы регионалдык коопсуздук жөнүндө ошол эки мамлекет кандай саясат жүргүзөт. Экинчиси, экономикалык байланыштар, соода, сатык мамилелер деп ойлойм.

- Кытайдын лидеринин иш сапары алдында түшүнүксүз окуялар болуп кетти окшойт. Шпинондук чатакты алсак. Мунун баары бүгүнкү өтчү сүйлөшүүлөрдө деле көтөрүлбөсө, алардын жүрүшүнө кандайдыр бир таасир этиши мүмкүнбү?

- Сиз ШКУнун алдында кытайлык шпион абакка алынды деп жатсаңыз керек. Албетте, андай маселелерди биз кыргыз тарап тиешелүү түрдө түшүнүш керек. Эмне үчүн ушундай болуп кетти деп. Чын эле ошонун артында орчундуу маселе турабы деген. Эки мамлекеттин ортосунда чынында эле ачык айкын мамилелер барбы же сөз жүзүндө башканы айтып, иш жүзүндө башка иш жүргүзүп жатабы же үчүнчү тарап кытай-кыргыз мамилелерине өзүнүн кандайдыр бир салымын кошуп жатабы, терс жагынан десек да болот.

- Ху Цзиньтаонун сапары Шанхай уюмунун Бишкектеги саммитинен кийин аяктайт. Бул саммит тууралуу дүйнөдө карама-каршы ойлор айтылып жатат. Чын эле карап көрсөк уюмдагы башкы мүчөлөр Кытай дагы, Орусия дагы, Казакстан дагы калган өлкөлөр деле демократиялык мамлекетпиз деп ачык мактана албайт окшойт. Анын үстүнө мына кабарларда да айтылды, Иран да кечээ ушул уюмга мүчө болгонго дилгир экендигин билдирип жатат. Кыргызстан азбы көппү баари бир региондо демократиялык мамлекет болуп эсептелет. Ушундай мамлекеттин бул уюмда башкы кызыкчылыгы эмнеде?

- Азыркы учурда жалпы Шанхай форумунун мүчөлүгүндө жалгыз эле Кыргызстан ачык жана демократиялык жолдо бараткан мамлекет деп эсептелет. Ошондуктан ушундай жолугушууларда албетте, Кыргызстандын саясий жетекчилиги ошол Кыргызстандын жетишкендигин жана Кыргызстандын принципиалдуу демократия жолу менен кетип баратканын ачык жана так билдириш керек. Анткени, сиз айткандай Шанхай уюму авторитардык мамлекеттердин тобу. Кээ бир мамлекеттерде жеке эле жетекчиликтин гана кызыкчылыгынын саясаты ишке ашырылып жатат. Ошондуктан Кыргызстан бир топ алдыда жүрөт деп айтсам адашпаймын. Жылдар өтөт, көрөсүздөр го, башка мамлекеттер баары бир кайсыл бир убакта Кыргызстандын жолу менен барат. Ошондуктан Кыргызстанды болсо өзүнүн мамлекетинде отуруп алып сын пикирге салбай, Кыргызстандан бир тажрыйба алып, бир тиешелүү жыйынтыкты чыгарса жакшы болмок. Ошондуктан Кыргызстан өзүнүн абалын сактап, өзүнүн кызыкчылыгын Шанхай саммитинде алдыга чыгарып алышы керек. Негизги маселе ушул.

- Негизги Кыргызстандын кызыкчылыгы эмнеде? Бул коопсуздук маселеби же экономикалык алакаларды өнүктүрүүбү?

- Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгы Шанхай уюмунда эки гана чоң маселеге байланышкан. Биринчиси, Кыргызстанды регионалдык уюмдун негизинде кандайдыр бир деңгээлде коопсуздугуна кепилдик бериш керек. Экинчиси, албетте экономикалык соода мамилелери. Аны Кыргызстандын пайдасына иштетиш керек. Бир мисал келтирип кетейин бизге керектүү гана товарларды алып келип, ошол ШКУ мамлекетеринен мисалы, Кытайдан, Казакстандан бирок, бизден өзүбүздөн чыккан товарларды коргош керек. Мисалы, Кытайдан алып келүүнүн кажети жок. Өзүбүздөн деле чыгат. Ички рынокту биз колдоп, коргошубуз керек. Мен ошондой түшүнөм.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG