Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

АЛ ӨЙҮЗ МЕНЕН БУЛ ӨЙҮЗ


Улуттар уюму чөлкөмдүк кызматташуу уюмдары менен карым-катышын күчөтүүгө өзгөчө маани бере тургандыгын башкатчынын орунбасары Линн Паско Бишкекте билдирди. Анын ырасташынча, Шаңкай кызматташуу уюму Түндүк Атлантика аскердик альянсына атаандаш эмес. Бишкектеги ШКУ жыйыны алдында мына ушул маселе саясатчыларды өзгөчө ойлонтууда.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеевдин айтуусунда, Түндүк Атлантика аскердик альянсы СССР таасиринен Батыш өлкөлөрүн сактап калуу максатында түзүлгөн. Шаңкай кызматташуу уюмунун түзүлүшүнө чек ара бейпилдигин камсыз кылуу, чектеш жашаган өлкөлөрдүн экономикалык алака-катышын жакшыртуу негиз берген.

- НАТО Европа Атлантизми боюнча Күнчыгыш жакка кетип баратса, Шаңкай кызматташуу уюму болсо бүгүн Азия, Африка, Латын Америка өлкөлөрүндө өзүнчө бир чоң уюм болуп жатат. Ошол экономикалык кызыкчылыктары Шаңкай кызматташуу уюмунун кызыкчылыктарына карама-каршы келип жатат. Мунай менен газ.

Токтогул Какчекеев Шаңкай кызматташуу уюму өзүнөн мурда уюшулган борпоң шериктештиктерден айырмаланып, экономикалык алака-катыштарды кадыресе жөнгө салып койгонун айтты. Анын үстүнө жаңы уюмдун эки мүчөсү – Орусия менен Кытай кубаттуу куралга ээ өлкөлөрдүн катарына киришет.

- Бул экөө Улуттар уюмунун коопсуздук кеңешинин мүчөсү. Ушул эле эки мамлекет илгертен бери келаткан ядролук клубдун да мүчөсү болуп жатат. Муну азиялык НАТО деп айтсак болот. Азиялык НАТО дегенимдин себеби, мына көрүп атасыңар, бүгүнкү күндө аскердик машыгуулар болуп жатат. Бул аскердик компоненти.

Шаңкай кызматташуу уюму сындуу чөлкөмдүк бирикмелер менен кызматташууга Улуттар уюму кызыкдар экенин башкатчынын орунбасары Линн Паско Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министри Эднан Карабаев менен жолугушуудан соң билдирди.

- Биз эки тараптын кызыкчылыгын туудурган биртоп маселелерди талкууладык. Мен министр мырзага, анан эми силерге айтып отурам, Улуттар уюму чөлкөмдүк уюмдар, Шаңкай кызматташуу уюму менен тыгыз кызматташууну көздөйт.

Улуттар уюмунун башкатчысынын орунбасары Шаңкай кызматташуу уюму Түндүк Атлантика аскерий алянсына каршы турбастыгын белгиледи.

- Билесиздер, азыр чөлкөмдүк уюмдардын өөрчүп баратканы байкалууда. Алардын максаты интеграция күчөп, байланыш-катыштардын арбын болушуна жетишүү болууда. Глобалдашуу шартында соода-сатык өнүгүп, социалдык маселелер көбөйүүдө. Ошол эле мезгилде коркунучтар да арбып баратат. Ошондуктан коопсуздук маселесине көңүл буруу абзел. 3 – 4 ушундай уюмдар бар.

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Эднан Карабаевдин ырасташынча, чөлкөмдүк проблемалар, атап айтканда, Борбор Азиядагы адам өнүгүүсү, миң жылдыктын чакырыктарына арналган чоң жыйындар Бишкекте өттү.

- Бул иш-чаралар бизде өз ара байланыш-катыштарды кеңейтүүгө чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин көрсөтөт,- деп айтты Э.Карабаев.

Бишкекке ШКУ жыйынына катышууга уюмга мүчө өлкөлөрдүн президенттери, ошондой эле байкоочу, мейман катары чакырылган расмий өкүлдөрү келишүүдө. 16-августта таң эрте Түркмөнстан президенти келип, жыйын алдында кыргызстандык кесиптеши менен жолугушуу өткөрөт.

XS
SM
MD
LG