Үстүбүздөгү жылдын башында Иракка кошумча америкалык күчтөр жиберилген жана аскерлерди өлкөдөн таптакыр чыгарып кетиш керек деген талаптарга президент Жорж Буштун өкмөтү - аскерлердин көбөйтүлгөнү кандай жыйынтыкка алып келгени тууралуу сентябрда отчет даярдалат, маселе боюнча чечим ошондон кийин гана кабыл алынышы мүмкүн деп жооп берип келген.
Сентябрдын ортосунда Буш Жапония менен Сингапурга сапар менен бармак, бирок жапониялык "Киодо цусин" агенттиги 15-августта билдиргенге караганда, ал сапар кийинкиге калтырылды, анткени дал ошол мезгилде, 15-сентябрда, генерал Дэвид Петреус Ирактагы абал тууралуу отчетту тартуулаш керек. Ирактагы америкалык аскерлердин башчысы болуп Петреус - дал ошол аскерлердин саны көбөйтүлүп жаткан мезгилде, январда дайындалган.
Өлкөдөгү абал болсо татаал бойдон калууда. 14-август күнү кечинде Ирактын түндүгүндөгү Хатания деген шаарда бир нече жүк ташуучу машине жарылгандан эки жүзгө жакын адам курман болду. Ал машинелердин бири күйүүчү май жүктөп бараткан жана, байкоочулардын айтымында, анын айдоочусу жан кечтилик кылып, машинеси менен бир имаратты сүздүргөн. Башка машинелерде болсо жарылуучу зат жүктөлгөн, жараат алган адамдардын саны үч жүздөн ашты.
Мындай аракеттерди адатта "ал-Каида" уюму даярдап, ишке ашырат. Мынчалык ири террор аракети Иракта тогуз айдан бери болгон эмес - былтыр 23-ноябрда Багдад шаарында беш машине удаасы менен жарылганда 215 адам набыт кеткен.
Өлкөнүн түндүк аймактарында негизинен күрддөр жашайт, окуя болгон Хатания деген шаар Мосул деген калаадан 120 чакырым алыстыкта, анын тургундары язиди деген динди тутат, ошондуктан, айрым байкоочулардын пикиринде, террор аракети - диний аралык кагылышууларды күчөтүү максатын көздөгөн сыяктуу: "Язидилерди террорчулар каапыр деп эсептейт, ошондуктан 2003-жылдан бери аларды өлтүрөбүз деп коркутуп келген. Андан тышкары, Багдад, Дияла, Киркук же Мосул аймактарынан террорчулар кууп чыгарылууда, ошондуктан алар эми террорду башка аймактарда уюштурууга киришти", - дейт "Эркин Ирак" үналгысынын кабарчысы Абдул-Хамид Зебари.
Ошол эле 14-августта Багдадка жакын Анбар провинциясында америкалык "Чинук" деген тик учма кулап түштү, анын ичиндеги беш аскер курман болду. Кырсыкка эмне алып келгени азырынча белгисиз. 2003-жылдын мартында согуш башталгандан бери Иракта набыт кеткен америкалык аскерлердин саны үч миң жети жүзгө жетти.
Ошол эле 14-августта өкмөттүк коопсуздук кызматынын аскерлеринин киймин кийген элүүгө жакын адам 17 машине менен келип, Багдад шаарындагы Мунай министрлигинин имаратына кирип, министрдин орун басары Хусейн аш-Шахристани жана дагы төрт кызматкерди кармап кетти. "Ассошиэйтед пресс" агенттиги билдиргенге караганда, алар коопсуздук кызматынын адамдары эмес, согушкерлер болгон сыяктуу.
Мындай абалда америкалык аскерлер азыр Багдад шаарынын түндүк-чыгышындагы Дияла дарыясынын боюндагы аймакта террорчуларга каршы ири аскерий операция жүргүзүүдө, ага бардыгы болуп 16 миңге жакын америкалык жана ирактык аскер, танкилер менен авиация катышып жатат.