Саммит жыйынын жүрүп жаткан учурунан чагылдыруу үчүн 170 журналист тартылган. Ушул тапта алардын үчүнчү этабы “Аларча” резиденциясына жөнөп кетти. Калган журналисттер үчүн “Аккеме” мейманканасында жайгаштырылган эларалык маалымат залында түз эфир аркылуу жыйындын жүрүшү чагылдырылып береи. Учурда Улуттук телерадиокорпорация тарабынан жыйындын башталышы түз эфирде берилип жатат. Бирок айрым англис жана кытай тилдүү журналисттер чагылдыруу УТРК журналисттеринин комментарийисиз, синхрондуу котормосу менен жана котормосу жок түрдө түз чагылдырылып берүүсүн талап кылып, муну уюштурууну президенттик маалымат кызматынан өтүнүштү. Эларалык маалымат залында буга чейин мындай мүмкүнчүлүк каралган эмес. (ZKo)