Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Т.САРПАШЕВ: ШКУну АСКЕРДИК БЛОКТОРГО АТААНДАШ КАТАРЫ КАРАЙМ


“Азаттыктын” бүгүнкү таңкы түз обосунда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Тайырбек Сарпашев болуп, ШКУнун Бишкектеги саммитинин айланасындагы бир катар суроолорго жооп берди.

- Кечээ кыргыз президенти Орусиянын президенти менен жолугушкан учурда Владимир Путин Орусия Кыргызстандын экономикасына 2 млрд. доллар өлчөмүндө инвестиция салууну караштырып жатат, болгону жакшы долбоорлор болушу керек деп айтты. Путин Камабарата ГЭСтери тууралу айтып жаткан жокпу, анткени Камабаратаны курууга дагы 2 млрд. доллардай каражат талап кылынат деп айтылган эле, же Орусияны кызыктырган башка да долбоорлор барбы?

- Негизинен биздин Кыргызстанда чоң-чоң инвестиция cала турган 2-3 тармак бар. Бул тоо кен тармагы болушу мүмкүн. Ал боюнча көптөгөн инвесторлор кызыгуу пайда кылып атат, алюминий жөнүндө айтып жатам. Андан сырткары гидростанцияларды куруу боюнча дагы бир канча долбоорлор бар. Камбарата ГЭСтерди кошкондо 3 млрд. долларга жакын. Буга чейин деле парламентте сөз берип жатканда өкмөт Орусия жана Казакстан менен сүйлөшөбүз деген оюн жашырган эмес.

- Кыргызстан бул жолку жыйынга өзгөчө маани берип жатканы да түшүнкүтүү, өлкө алгачкы ирет жогорку деңгээлде конокторду тосуп атат. Ошол эле учурда Кыргызстандын тышкы саясаты соңку мезгилдерде өтө талаштуу маселеге айланып бараткандай. Ушул эле саммиттин алдынан Кытай лидери менен жолугушуу учурунда кыргыз президенти Курманбек Бакиев “Тайванды Кытайдан ажырагыс бөлүмү деп тааныйбыз” дегени жалпы эле дүйнөлүк саясатта өтө бир олуттуу маселе боюнча ашкере айтылгандай болуп калды окшойт. Анткени бул суроо өтө кычык маселе эмеспи. Сиз бул боюнча кандай пикирдесиз?

- Негизинен көп убакта айрым саясатчыларыбыз сырткы саясатты билип-билбей туруп кандайдыр ушул тармакта билерман катары болгон адамды мен жактырбайм. Өзүм дагы эл аралык саясатка абдан дасыккан адам катары өзүмдү көрсөтө албайм. Анткени менин билим деңгээлим башка тармакка, экономика, энергетикага байланыштуу. Ошондуктан ушул маселеге баа берүүдөн алысыракмын. Бирок ошентсе дагы айрым убакта саясатта ката билдирүүлөр мезгил-мезгили менен болуп келген.

- Сиз кыргыз президенти тышкы саясатты түшүнбөйт деген ойду айтып атасызбы?

- Жок. Менин айтайын дегеним, өзүмдү тышкы саясат боюнча адисмин деп эсептебейм. Президент айтып атса, демек анын айланасындагылар ошондой ойдо болсо керек. Тышкы иштер министринин кандайдыр бир стартегиялык багыты бардыр. Мен аны айта албайм.

- Тайырбек мырза, тышкы саясат демекчи бул жолку саммитке кайсы бир деңгээлде алып карасак демократиясы өнүкпөгөн, же батышка карама-каршы турган мамлекеттер чогулуп атпайбы. Экономика, коопсуздук маселеси албетте жакшы. Бирок бул өңдүү ири мамлекеттер акырындап Кыргызстандагы демократияга, адам укуктарына кысым көрсөтпөйбү, кандай деп ойлойсуз?

- Мен билгенден ШКУ кызматташтыгы көбүнчө АКШ тарапка карата кызматташуу коопсуздук маселеси боюнча көбүрөөк бириккен уюм катары тааныйм. Экинчиден, албетте биздин картадагы чегараларыбыз жакын болгондуктан карым-катнаш экономикалык маселе экинчи орунда турат. Ошондуктан муну көбүнчөсү регионалдык коопсуздук маселеси жана ошондой эле дүйнө жүзүндө глобалдашып бараткан башка согуш, аскер блокторуна кандайдыр бир альтернативди түзгөн блок катары тааныйм.

- Кечээ Кытайдын лидери Ху Цзиньтао менен эмне жөнүндө сүйлөштүңүздөр?

- Ал сүйлөшүүгө мен катышкан жокмун. Бүгүн саат тогузда Пакистандын президенти менен жолугам.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG