Учурда казак консулдугунун эсебинде 154 Казакстандын жараны бар. Бул жердеги мекендештер казак парламентинин төмөнкү палатасына депутаттарды шайлоого жигердүү катышты. Түшкө чейин эле жүздөн ашуун шайлоочу келип добуш берип кетишти. Шайлоо жогорку деңгээлде өтүүдө, деп билдирди “Азаттыкка” Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Умурзак Узбеков. (AJ)
14:20 Кыргызстандагы казак элчилигиндеги шайлоо участогунда жүздөн ашуун шайлоочу добуш берди