Кырсык аймагындагы ууру-кескилик тууралуу кабарлар келип жатканда президент Алан Гарсия бардык жолдор менен тартипти калыбына келтирүүгө чакырды. Ика аймагына жардам жеткирүү иши жай болгону абалды курчутуп жатканы кабарланууда. 15-августта 8 баллдык жер титирөөдө кеминде 500 киши каза таап, миңдеген адам үй-жайсыз калды.