Жаш саясатчылар форумунун мүчөсү Адил Турдукуловдун “Азаттыкка” маалымдашынча, 18-августта Казакстанда Мажилистин Төмөнкү үйүнө депутаттык орун үчүн өткөрүлгөн шайлоо Кыргызстанга дагы таасирин тийгизет. “Президент Назарбаевдин “Нур отан” партиясынын ири жеңишке жетиши дүйнө коомчулугуна ташталган чакырык. Бул жеңиш менен Назарбаев “Бийлик менин колумда. Мен кетсем дагы, менин адамдарым бийликте калат” деген белги берди”,-дейт Адил Турдукулов. Жаш саясатчынын айтымында, Казакстандагы шайлоонун жыйынтыгы Кыргызстанда айрым адамдарды бийликти монополияга айландыруу тууралуу ойго түртүшү ыктымал. (ZMa)