- Энерго тармактагы бир топ ишканалардын жетекчилеринин алмашылышы чын эле ишти алдыга жылдырууга, анан эң башкысы жанагы 40 пайыз деп айтылып аткан жоготууларды өкмөт койгон 32 пайызга чейин түшүрүүгө мүмкүнчүлүк береби, же башка кадамдарды көрүш керек беле?
- Албетте, жөн эле отурганга караганда бул дагы бир аракет. Энерго системадагы системага өтүп калган коррупцияны талкалоонун дагы бир жолу. Бирок бул жарым-жартылай гана жасалган кадам. Ошол адамдардын жоопкерчилигин дагы караш керек эле, кимдер канчалык деңгээлде системаны талкалоого көмөктөшкөнүн, алардын канчалык мамлекетке көмөктөшкөнүн, мамлекетке зыян келтиргенин эсептеп чыгып, жоопко тартуу мүмкүнчүлүгүн караш керек эле. Бирок мурункудай эле адатынча кызматтан бирөөнү алып кайра коюп, эч кандай жоопкерчилик болбосо, алар жоопко тартылбаса, анда бул баягы эле кадр алмаштыруу саясаты боюнча эле калып калат.
Экинчиден, 40 пайыз бул элден түшпөй аткан акча дегени бар да. Бизде адатка айланып калды. Ошол системанын ичинде кетирилген чыгымдар да бар, ашыкча, кереги жок чыгымдар бар. Мына ошол чыгымдарды дагы ылдыйлатуу жагын караш керек эң негизги. Ошондо гана бул тармакты тартипке келтирүү болот. Анан, албетте, бул жакта башкаруу мамлекеттик менеджмент деген жогорку деңгээлге жетиш керек. Эми алмаштырган адамдары ошол талапка жооп береби, мына ошого жараша болот. Убакыт көрсөтөт.
- Өткөн аптада каралган дагы бир маанилүү маселелердин бири, 10 күндүн ичинде Камабарата ГЭСтерин, анан “Түндүк электрону”, Бишкек ТЭЦин менчиктештирүү үчүн керектүү базаны түзүү керек деген билдирүү болду. Бул ишканалардын менчиктештирилиши тууралуу бир топтон бери эле айтылып келатпайбы, бирок эми азыр анын аткарылышы дагы жакындап калгандай көрүнүп атат. Аларды менчиктештирүүнүн кандай формасы бүгүн Кыргызстанга ылайыктуу болмок деп ойлойсуз?
- Бул жерде экономикалык жактан билимсиздик көрүнүп атат. Мамлекеттештирүү, же менчиктештирүү десе эле булар рынок, же рынок эмес деген маанини түшүнүп атышат. Мамлекеттик, стратегиялык, экономикалык кызыкчылык деген сөздүн маанисин түшүнбөй атышат. Келген жетекчилер “сөзсүз эле менчиктештириш керек, бул тармакты мен башкара албайм” деп өзүнүн компетентсиздигин, алсыздыгын билдирүүдө. Ошондуктан жанагылардын бардыгын менчиктештирүүгө жеткирүү бул коррупциянын эң коркунучтуу, жогорку деңгээлдеги түрүнүн бири. Ошону өздөрү сезбей, же болбосо сезип атайын коррупцияланышып калган системанын өзү каалаган адамдарга менчикти берүү гана аракети. Эки тарапты тең эле бирдей айкалыштырып иштесе болот, мамлекеттик, жеке менчикти дагы. Ушул формалардын бардыгын толук иштетип, ошолордун эффективдүүлүгүн толук иштетүүгө жетишкенден кийин менчиктештирсе болот эле. Коррупцияга алы жетпегенден кийин менчикке шылтай салып эле кутулуунун аракети деп түшүнсө да болот. Бул жерде экономикалык дагы, саясий дагы маселе. Экономикада мамлекеттик, же коррупциялык жеке кызыкчылык. Кайсынысы көбүрөөк болсо ошол жагына тартып кетип атышат.
- Өткөн жумада ШКУ саммитинде Кытай тараптан да, Орусия тараптан да Кыргызстанга бир топ инвестициялык колдоолор боло турганы айтылды. Мисалы, орус президенти жакшы долбоорлор болсо 2 млрд. доллардай каражат бөлгөнгө даярбыз деди. Бул Камбарата жөнүндө айтып атса керек да. Азыр бир топ байкоочулар Орусия менен Кытайдын билдирүүлөрүн региондо өздөрүнүн жеке таасирин жогорулатууга жасалган аракет деп жатышат. Ушул экономикалык инвестициялык сунуштардын саясий өңүтү канчалык деп ойлойсуз?
- Бул жерде экөө тең бар деп айтсак болот. Негизгиси Орусия да, Кытай да азыр энергия системаcы боюнча тыгыз иштешип атышат. Кыргызстандагы гидро ресурстарын, энергетикалык потенциалын, албетте, Орусия өзүнүн системасына кошуп алса илгерки Советтер Союзунун убагындай дүйнөнүн толук бардыгына болбосо да, жартысына өзүнүн экономикага болгон саясий таасирин көтөрөт. Белгилүү эмеспи, Кытай дагы бул системага кошулуп Кыргызстандын гидроресурстарын, энергетика ресурстарын Кытайдын экономикасына пайдаланып, экономикалык-саясий максаты көздөп жатат.
- Маегиңизге ырахмат.