Музыка мээнин көңүл буруу үчүн жооп берген бөлүгүнө өзгөчө таасир этет
Стенфорд университетинин врачтары музыканын адамдын баш мээсине тийгизген таасирин изилдеп чыгышты. Окумуштуулар бир нече адамга композитор Улльям Бойстун чыгармаларын угузган. Алар атайын магниттик жабдуунун жардамы менен кишилердин баш мээсинде болгон өзгөрүүлөргө байкоо жүргүзүшкөн.
Окумуштуулар изилдөө үчүн Бойс жараткан музыкаларды тандап алгандарынын себеби, анын чыгармалары, айталы, Бах же Моцарттыкына салыштырмалуу көптөргө тааныш эмес.
Ошентип, изилдөө музыка мээнин көңүл буруу үчүн жооп берген бөлүгүнө өзгөчө таасир этээрин көрсөткөн.
Музыка угуп жаткан адамдын мээсинин иштеши музыка дароо өчүрүлгөн соң жогорулаган, башкача айтканда адам эми эмнени угам деп ойлонуп, анын көңүл буруусу мыкты иштеген. Окумуштуулар менен изилдөөгө катышкан музыка адиси Джонатан Берджердин оюнда дал ушул музыканын жардамы аркылуу адамдын көңүл бөлүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга болот.
Польшада жаңы планета табылды
Пенсильвания штатынын астронавтары Польшада жаңы планетаны табышты. Күндөн бир канча эсе көлөмдүү ал планетаны изилдөө менен аалам сырларын ачууга дагы бир кадам жасоого мүмкүн дешет окумуштуулар. Жаңы планета HD 17092 деген аталышка ээ болгон.
«Жалпысынан алганда бул ачылыш өтө кызыктуу жана маанилүү. Анткени, аны изилдеп, эгерде биздин планета кандайдыр бир себептер менен кыйроого учураса, жерде кандай жашоо болоору тууралуу маалымат алса болот»,- дейт Алекс Уолсзан -астрономия илимдеринин профессору.
Уолзсандын пикиринде биздин жер шар жана күн системасы ушул калыбында чексиз тура бербейт. Убакыт өткөн сайын улам чоңоюп бара жаткан күн акыр аягы жерди жана башка коңшу планеталарды жөн гана жутуп алышы мүмкүн. Ошондо ал HD 17092 өңдүү жылдызга айланып калат. Бирок окумуштуу бул айтканы менен адамдарды коркутууну каалабайт. Анткени күндүн жок болушу миллиарддаган жылдардан кийин гана болушу мүмкүн.
Айгул Жунушалиева, Прага