Өткөн ишембинин таңында Түндүк Кипрден Стамбулга учкан «Атлас Джет» компаниясынын учагын эки адам барымтага алышып, Иранга учууну талап кылган. Алар колунда бомба бар экенин, жүргүнчүлөрдүн баары барымтага алынган айтып коркутушкан. Учкучтар болсо алардын талабына макул экенин билдирип, бирок май куйуп алууну шылтоолоп учакты Анталиядагы аба майданга кондурууга жетишкен. Учак кондурулгандан кийин тиешелүү кызматтын өкүлдөрү алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштап, ошол учурда жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү кысталыш кырдаалда чыкчу эшиктен өз алдынча чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн. Ошентип, беш саатка созулган сүйлөшүүлөрдөн соң барымтачылар калган жүргүнчүлөрдү жана экипаж мүчөлөрүн бошотушуп, багынып берүүгө аргасыз болгон. Кийинчерээк алар Мехмет Өзлю деген Түркиянын жараны менен сириялык Абдул Азиз Талих аттуу адам экени белгилүү болду.
Учакта жалпысынан 136 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү болгон. Жүргүнчүлөрдүн арасында 22 жаштагы Аида Жумабек аттуу Кыргызстандын да бир жараны бар экени белгилүү болду. Түркиядагы кыргыз элчилигинин маалыматына караганда, Аида да учактагы жүргүнчүлөр менен кошо барымтадан бошотулган соң кайра Стамбулга учурулган. Бирок ал элчиликке кайрылбагандыктан андан башка маалымат жоктугун элчиликтин консулу Азамат Сопубеков билдирди:
- Биз алган маалыматтар боюнча, Аида Жумабек да башка жүргүнчүлөр менен катар аман-соо барымтадан куткарылган соң Стамбулга учурулган. Бирок ал бизге кайрылган жок. Элчиликтин да, Стамбулдагы башкы консулдуктун да кызматкерлери азыр аны издеп жатабыз.
Түркиядагы бул окуяга азыр дүйнө коомчулугунда ар кандай пикирлер айтылууда. Кыргызстандык саясат таануучу Токтогул Какчекеев болсо муну кадырэсе учакты алып качуу окуясы катары баалап, ага полиция менен коопсуздук кызматынын чабалдыгы себеп болгон дейт:
- Бул окуя учакты алып кетүү аракетиндеги катардагы эле окуя. Ага полиция менен коопсуздук кызматтарынын сокурдугу себеп болгон десек болот. Терроризм өтө кылдат даярдыктан өтүп, көзгө көрүнбөй илээшип туруп, анан ишке ашчу нерсе. Мамлекеттик кызмат болсо дайыма баарын камтып, баарын көрөт деп айтуу кыйын. Анткени мамлекеттик кызматтын жолу туюк келет да, алар өз жөндөмүн көпчүлүк учурда толук көрсөтө албайт.
Кандай болгон күндө да бул окуя дүйнөдө террор коркунучу дале күч экенинен кабар берет. Айрым талдоочулар бул коркунуч Борбор Азия аймагында да жок эместигин белгилеп келишет. Саясат таанучу Нур Омаровдун баамында, бул чөлкөмдөгү мамлекеттер азыртан биргелешип алдын алуу чараларын көрбөсө кийин ал чоң залакасын тийгизиши мүмкүн:
- Бир жагынан алганда азыр Борбор Азия чөлкөмүндө да натыйжасы түздөн-түз коопсуздукка коркунуч алып келчү кооптуу жагдайлар бар. Алар террорчулар, ислам радикалдары тарабынан болушу мүмкүн. Экинчи жагынан алганда бул нерсе азыр тикелей коркунуч туудурбагандай сезилет. Бирок аймактагы өлкөлөрдүн бийликтери бул факторду эске албай, биргелешкен иш чараларды жүргүзбөсө эртедир-кечтир ал өз залакасын тийгизбей койбойт.
Нур Омаровдун пикринде, бул багытта Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында кандайдыр бир иштер жүрүп жаткандай. Маселен, Бишкектеги саммитте кабыл алынган документтер жана Чебаркулдагы машыгуулар тараптар террорчулукка каршы биргелешип аракеттенип жатканын күбөлөйт. «Бирок социалдык-экономикалык маселелер чечилмейин мындай аскердик машыгууларды өткөрүү пайдасыз экенин да эске алуу керек, анткени террорчулуктун чыгышына ушул маселелер да себеп болот»,- дейт саясат таануучу.