Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 00:38

ИРАН-АЗЕРБАЙЖАН МАМИЛЕСИНДЕ ӨЗ АРА ТҮШҮНҮЧҮЛҮК БАР


Азербайжандын борбору Бакы шаарында Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежаддын Азербайжандын мамлекет башчысы Илхам Алиев менен сүйлөшүүсү өттү. Эки жетекчининин 21-августта өткөн жолугушуусу учурунда энергетика, мунайхимиялык, гидроэнергетика жана башка тармактарда кызматташуу боюнча беш документке кол коюлду.

Бакы шаарында өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин өткөн маалымат жыйында Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад эки өлкөнүн кызматташуусу кош тараптуу сындан өтөөрүн билдирди:

-Ошондой эле биз мунай жана газ, энергетика, мунайхимиялык заттар, жүк ташуу, бизнес, технологиялык алмашуу жана суу сактагычтарды куруу тармактарында кызматташуу боюнча маселелерди талкууладык. Мына ушул тармактар боюнча макулдашуулар эффективдүү ишке ашышын эки тараптын тең эксперттери көзөмөл кылып турмакчы.

Маалыматтарга караганда, эки өлкөнүн жетекчилери ошондой эле Азербайжандагы Кабала радардык станциясына байланышкан маселени да талкуулашы күтүлүүдө. Орусия Азербайжандагы Кабала радардык станциясын АКШ менен чогуу пайдалануу сунушун билдирген. Ал эми расмий Вашингтон Ирандын Батышка каршы ракеталык чабуулдарынан мына ушул станция коргой алат деп билдирген. Бул маселени талкулоо үчүн АКШ, Орусиянын жана Азербайжандын расмий өкүлдөрү Азербайжанда сентябрь айында жолугушмакчы.

Алиевдин белгилешинче, Тегеран менен Бакынын мамилелери өз ара түшүнүүгө негизделген:

-Биздин саясый мамилелерибиз жогорку дэңгээлде. Бардык маселелер боюнча өз ара түшүнүүчулүк бар. Биз бири бирибизди колдойбуз. Бул өзү табигый нерсе, себеп дегенде биз кылымдар бою бир тууган эл катары жашап келе жатабыз, жана бири бирибизди азыр да колдойбуз.

Ахмадинежаддын эки күнгө созулган жолугушуулары анын кийинки эки жыл ичинде Азербайжанда үчүнчү ирээт өтүп жаткан иш сапарынын жыйынтыгы болду. Бирок бул анын мунайга бай кошунасына биринчи жолку расмий иш сапары.

Ахмадинежад эки жылдык президенттик кызматында иш сапары менен жанындагы Каспий жана Борбор Азия өлкөлөрүндө бир нече ирээт болгон. Азербайжандан тышкары, ал Түркмөнстанда эки жолу, Тажикстанда, Кыргызстанда жана Ооганстанда бирден жолу болгон.

Бүгүн Бакы шаарында Иран элчилигинин алдында Азербайжан активисттери нааразылыгын билдирип чыгышты. Алар Ирандагы саясый камакта жаткандарды бошотууну жана этникалык азерилердин саясый укуктарын сактоону талап кылышты. Азаттыктын кабарчысынын Бакыдан билдиргенине караганда, нааразылыкка чыккандардын арасынан полиция кызматкерлери кеминде 9 кишини камакка алышты. Ошондой эле полиция кызматкерлери фотожуналисттердин камерасын тартып алышты.

XS
SM
MD
LG