Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:21

8:21 Азиза Абдрасулова: Маалымат алуу тууралуу мыйзам одоно бузулуп жатат


Кечээ Шаардык райондор аралык сотунда укук коргоочу Азиза Абдрасулованын өкмөткө жана президенттин администрациясына карата арызы каралмак. Бирок мамлекеттик кызматкерлердин сот ишине келбей калышына байланыштуу ишти кароо 5-сентябрга жылдырылды. 20-июлда А. Абдрасулова президенттин администрациясына Мунапыс маселеси боюнча комиссиянын курамы тууралуу маалымат сурап кайрылган. Президенттик администрациянын жетекчиси Медет Садыркуловдун берген жообуна канааттанбаган укук коргоочу “Маалымат алуу тууралуу” мыйзам бузулду деп, 10-августта сотко арыз менен кайрылган. “Ушуну менен мамлекеттик кызматкерлер экинчи жолу сот ишине келген жок”,-деп айтылат “Кылым шамы” бейөкмөт уюму тараткан билдирүүдө. (ZMa)

XS
SM
MD
LG