Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:53

ЖАЛАЛАБАТ: ЖЕР ЭЭЛЕГЕНДЕР КАРШЫЛЫК АКЦИЯСЫНА ДАЯРДАНУУДА


2005-жылы Жалалабат шаарындагы канаттуулар фабрикасынын аймагын басып алгандардын бир нече өкүлдөрү 22-августта облбийлик алдында пикет өткөрүштү. Алар ээлеген жерлерин мыйзамдуу жолдор менен туура бөлүштүрүп берүүнү талап кылышты.Талаптары аткарылбаса, Бишкек жөө жүрүшүн уюштуруу менен ачкачылыкка чыгып, эгемендик күнүндө да нааразылык акциясына чыгаарын билдиришти. Шаар мэри Дүйшөн Мамасалиевдин жообу боюнча басып алынган жерлер турак-жай үчүн жылдап кезекте тургандарга берилет.

Жалалабат шаарындагы мурдагы канаттуулар фабрикасынын жайдак аянттарын эки жыл мурда облустагы турак-жайга муктаж адамдар ээлеп алган. Төрт миңге чукул киши жер алуу кезегинде турганы менен алардын төрт жүзүнө гана жер кесиндилери тийген. Бирок, басып алынган аянттар мыйзамдаштырылып берилбегендиктен жер ээлегендер курулуш баштай албай арсар абалда калышкан. Алардын өкүлдөрү жерди менчиктештирип, турак-жай курууга мүмкүнчүлүк түзүу талабын коюшту. Калыскан Абдыкаимованын айтымында жер ээлегендердин бардыгы жакыр адамдар:

- Карапайым кыйналган элге берсе. Чиновниктерде ушунча жер кармалып турбаса. Биз ошону суранып, облбийлик алдына келдик. Убакыт өтүп жатат. Күз айы да келип калды. Биз былтыртан бери ташта жатабыз. Жерге жетпей калгандар да бар. Муну кезекте тургандарга беребиз дейт. Былтырдан бери элди кыйнабастан чечип берсе болмок, - дейт Калыскан Абдыкаимова.

Жер аянттары мыйзамдуу берилбегендиктен жер ээлөөчүлөр менен канаттуулар фабрикасында мурда иштегендердин арасында чыр-чатактар да орун алууда. Алмакан Эшатованын боолгошунча мындай жаңжалдарды тартипке салаар уюм-мекемелердин иш-аракети байкалбайт:

- Бул жактан Мундуз айлындагылар чыгат. Тигил жактан дагы бирөөсү чыгат. Келип алышып биз менен жер талашышат. Жетимибиз бар, жесирибиз бар, таптакыр үйү жокторубуз бар. Бизге чечип берсин ошол жерди, - деди Алмакан Эшматова.

Жер басып алгандардын акыбалынан кабар алууга жергиликтүү бийлик анча кызыкдар эмес. Турак-жай үчүн жер бөлүштүрүүдө калыстык болбой жаткандыгына нааразы болуп тургандардын бири Роза аттуу аял кападар:

- Бизден кабар алган деле эч ким жок. Жардам берели деген киши жок. Чет жактардан жардам келет аны элдерге жардам иретинде берсе жакшы болмок да. Төрт сотыхтан эле жер берсе. Кезегибиз такыр жылган жок.

Шаарда он беш жылдан бери турак-жай аянттары кээде жең ичинен бөлүнүп келатканы жашыруун эмес. Колунда каражаты жана жарытылуу жумушу, үстүндө үйү жок катардагы адамдар турак-жай үчүн жер алалбаган. Жер басып алгандардын башчысы Базарбай Кадыровдун айтымында бош аянттар муктаж адамдарга мыйзамдуу берилбесе,алар эгемендик күнүндө да нааразылык акциясын кылышы ыктымал.

Көрүнгөндүн батиринде жашоо көкөйүнө тийген Бурулай Арапбаева талабы орундалбаса, ачкачылык сыяктуу нааразылык акцияларын баштап, президент олтурган Акүйгө чейин жөө жүрүш менен барууга аргасыз болоорун билдирди:

- Акчасы бар адамдар келип сатып алып жатышат жерлерди. Ал эми карапайым элге эч нерсе жок. Бизге боор ачый турган адамдар барбы? Биз премьер-министрге чейин кирип чыктык. Эми чечип бербесеңер жөө жүрүш кылып, Курманбек Бакиевге барабыз. Ачкачылык жарыялайбыз,- дейт Бурулай Арапбаева.

Кыргыз өкмөтү фабриканын 27 гектардан ашык аянтын шаар карамагына өткөрүп берген. Мэрия тарабынан ал жерге курулуучу турак-жай имараттардын долбоору түзүлүп бүттү. Жергиликтүү бийлик алдына келгендердин “бийлик башчылары жер ээлегендерден кабар албай, жер бөлүштүрүү пара менен коштолуп жатат дегени туура эмес. Ушул тапта жер басып алгандардын канчасы кезекте тураары жана нечеси турак-жайга муктаж экендиги иликтенүүдө. Шаар мэри Дүйшөн Мамасалиевдин жообу боюнча жакынкы апталарда 200-250 кишиге жер мыйзамдуу түрдө берилип калуусу ыктымал:

- Кызылтуу айыл өкмөтүнөн ким басып алган. Ошонун баарын текшерип, иликтеп, мен комиссия түзгөнмүн. Төрт миң адам кезекте турганда биринчи жок дегенде 200-250 биринчи кезекте турган адамдар барбы же болбосо үй алып кеттиби, ошолорго кат жиберип, бул адамдарга берилип жатат деген абалга жетишебиз, - дейт шаар мэри Дүйшөн Мамасалиев.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG