Тоң районунун аймагында Ысыккөл суусунан бөлүнүп калган кичинекей көл бар. 8 гектар жердеги бул көлдүн тереңдиги 4,5 жарым гана метр.
Гидрогеологдордун маалыматы боюнча мындан 200 миң жыл мурда ушул көлмө пайда болуп, ал бууланып отуруп анын туздуулугу Ысыккөлдүн суусунан 2,3 эсе көп өскөн. Бирок, көл кышкысын тоңуп, жайында болсо суунун жылуулугу 25 градуска жетет. Дагы бир касиеттүүлүгү көл өтө туздуу болгондуктан ага түшкөн киши калкып турганын айтышат.
- Мен сүзгөндү билбейм, суу өзү эле көтөрүп турат экен, көпчүлүк аны туздуу үчүн кишини чөктүрбөйт дешет,- дейт Татарстан келген Гулсина.
Тери ооруларына эң жакшы даба болгон туздуу көлдү ээлеп алгандар шартты түзбөй эле кызмат акы кымбат сурап атканына нараазы тарап буларды белгиледи.
- Көлдүн тиги өйүзүнөн 700 сомго машина жалдап келсек, бул жерге кириш үчүн бир кишиге 50 сомдон 150 сомго чейин акы төлөдүк же таза суусу жок, шарты жок экен. Эмки жылы келбейбиз,- дейт Сауле Болгонбаева.
Өздөрүн президенттик аппараттанбыз деп тааныштырган жоон топ балдар тосмону сүзө качырып машиналары менен өтүп жаткандыктан күзөтчүгө кайрылганыбызда ал буларга токтолду:
- Чиновниктер кире берет. Негизи көл жээкке чейин эмес, көлдүн берки жагына чейин кирбеш керек. Машина менен кирсе төлөш керек. 150 сом төлөйт. Мына көрдүңөр ушинтип аппараттын кишилери төлөбөй кирип кетишет. Алар аппараттын кишилери, а менин колуман эч нерсе келбейт. Балык башынан сасыйт деген ушу да,- дейт бул жерде Бишкектин “Пантера” аттуу детектив агенттиги колго алганын түшүндүргөн Таалай Кенжегараев аттуу кызматкер.
Коомчулукка “Мертвое озеро” же “Туздуу көл” деп таанылган бул жерди кирешелүү тармакка айландырган ишкерди издештиргенибизде Тоң районундагы Гулистан дыйкан чарбасы 49 жылга ижарага алганы анык болду. Анын каржы башчысы таза суу 4 чакырым жерден ташылгандыктан тамак ашка өп-чап жетип, жуунганга берилбестигин айтты.
Бул жерде электр энергиясы жок болгондуктан бардык жарыктандыруу генератор менен туташкан. Ал эми Туздуу-Көлгө келген туристтерден 50 сомдон 150 сомго чейин алынган акчалар кайда жумшалганын сураганыбызда жолду оңдоого сарпталаарын айтты.
- 300 миллиондой сом акча болот деп эсептеп беришти. Асфальттаганга болот бирок, ага көп акча керек, - дейт жамгыр жааганда шор топурак жыл сайын жолду жеп кетип жатканын кошумчалаган Үмүткер Узакова.
“Каракөл” ден соолукту чыңдоочу бул туристтик комплекс экологиялык нормаларды бузуп, ыплас пайдаланып жатканын тиешелүү адистер минтип ырастады.
- Бул жерге тосмону коюп алып, өздөрү каалагандай акча алат экен. 50 сомдон 150 сомго чейинки тарифтерди ким бекиткени түшүнүксүз. Анысын кааласа 300, кааласа 10 деп койсо деле эч ким текшербейт окшойт. Бул жерде көл жээкке чейин боз үй, машина, даараткана дегендер толуп кетиптир. Бир сөз менен айтканда өкмөт деген экологияны карабай жатат. Ошон үчүн бул тармакты биосфералык аймакка милдеттендирсе, 1 мекеме жоопкерчиликте иштемек,- дейт тышкы байланыш боюнча долбоорлорду жайылтуу секторунун башчысы Сергей Кривуриченко.
Бул “Туздуу көл” 2002-жылга чейин котур ылаңына чалдыккан койлор салынып жабыркаса, бүгүн ага баргандар суусу менен кара баткактарын уурдап алып кетип, дарылык касиетине доо кетиргени айтылууда.