Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:32

«ТОЙ» ТАСМАСЫ УЛУТТУК КОЛОРИТ МЕНЕН КӨРКӨМДӨЛГӨН


Жакында кинорежисcер Асан Айтикеев өзүнүн “Той” аттуу кыска метраждуу фильмин коомчулукка тартуулады. Ал таңкы “Азаттыктын” уктурууларынын мейманы болуп, өзүнүн чыгармачылыгы жөнүндө маек куруп берген.

- Жакында сиздин “Той” деген тасмаңыз тартылып бүттү. Ошол жөнүндө айтып берсеңиз?

- “Той”-бул 30 мүнөттүк кыска метраждуу тасма. Бул тасманын сюжети тойго чакырылган үч аксакал “тогуз коргоол” оюнун ойноп кечигип калышат. Бул сюжетти өзүм ойлоп тапкам. Себеби, биздин айылда ошондой окуя болду эле. Аны көркөмдөп, кеңейтип, ага улуттук колоритти бериш керек эле. Азыркы учурдагы кыргыздын салт-санаасын, баланы отургузуу тоюн, улуттук “тогуз коргоол” оюнун пропагандалоо сыяктуу улуттук салт-санааларды киргиздик. Себеби, аталган уулуттук оюн унутулуп баратат. Ал оюн шахмат сыяктуу эле адамдын ойлоо сезимин, логиканы өстүргөн жакшы оюндардын бири. Бул тасманын биринчи максаттарынын бири болуп эсептелет. Анын үстүнө айыл жериндеги элеттиктер өзүлөрүн тасмадан көргүлөрү келет.

Экинчиден, экрандагы батыштын тасмаларынан тажап бүттүк дешет. Бул тасманын бет ачаары Кыргыз улуттук телеканалда болду. Аны көргөн бир топ адамдар ыраазычылыктарын билдиришти. Андан тышкары “Сокур кемпир көрөгөч” аттуу кыска метраждуу тасма да тарткам.

-Асан мырза, бул “Той” тасмасын тартканга каражатты кайдан алдыңыз? Анын демөөрчүлөрү ким болду?

- Бул «Кыргызтелефильм” мамлекеттик телерадиокорпорациясына карайт. Бул тасманы тартууга корпорация акча бөлдү. 400 миңдей акча бөлүндү. Анын үстүнө тасманы Бишкекке жакын жерден тарттык, актёрлор да аз болду. Ошонусу менен кыйынчылыктан чыгып кеттик. Негизи кинотасма тартуу өтө кыйынчылыкты талап кылат. Эми ушундай тасмаларды тартып турсак деген ниеттебиз. Корпорациянын президенти Кыяс Молдокасымов аябай жактырып сурады. “Канча убакта тарттыңар”,- деди. Биз бир жумада тарттык десек, “анда жылда ушундай бир, эки тасмадан тартып туралы”,- деген оюн да билдирди президент.

- Сиздин келечектеги пландарыңыз кандай?

- Эки чоң толук кинонун сценарийи даяр. Каражат табылса тартабыз. Эс алууда эл менен аралышып жүрүп дагы бир тамашалуу чоң тасманын сценарийин ойлоп койдум. Аны жергиликтүү тургундар айтып беришти. Буюрса, кыргыз колоритиндеги кинотасмалар арбын болот.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG