Өлкөнүн баш прокурору Юрий Чайка билдиргендей, бул ишке байланыштуу 10 киши камакка алынды, жакын арада аларга бул оор кылмыш боюнча айып коюлат. Белгилүү журналист, президент Путинди сындап келген Анна Политковскаяны былтыр күздө өз үйүнүн алдында белгисиз бирөөлөр атып кетишкен.