Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:37

А. ДҮКӨНБАЕВ: ЖАШТАРДЫН ЫҢКЫЛАПКА АРТКАН ҮМҮТҮ АКТАЛБАЙ КАЛДЫ


Маектешкен Элеонора Бейшенбек кызы Аскат Дүкөнбаев учурда АКШдагы Кент Стейт университетинде докторантурада билим алып жатат. Ал жаш саясатчылар форумун түптөгөндөрдүн бири. Аскат Дүкөнбаев Кыргызстанга келгенде “Азаттыкка” кыргызстандык жаштардын азыркы саясий жигердүүлүгү, мамлекеттин жаштар саясаты тууралуу маек курган.

- Оболу өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз. Америкага качан кеттиңиз эле, азыр эмне менен алек болуп жатасыз?

- Америкага 2005-жылы кеткем. Эки жылдан бери Кент университетинин саясий билимдер бөлүмүндө докторантурада окуп жатам. Эми дагы бир жылдан кийин диссертация жаза баштайм.

- Диссертацияңыздын темасы кандай?

- “Постсоветтик өлкөлөрдөгү эконмикалык өнүгүштө бюрократиянын орду” деп аталат.

- 2005-жылы март ыңкылабында жаштардын орду чоң болду деп белгиленди эле. Азыркы учурда жаштардын саясий жигердүүлүгүн кандай деп сыпаттайсыз?

- Мен март революциясын бүтө элек революция эсептейм. Ошол революцияда жаштардын ролу абдан маанилүү болгон. Ыңкылаптан кийин демократиялык жараяндар башталып, жаңы конституция кабыл алынып, Жогорку Кеңешке жаңы шайлоолор болуп, партиялык тизме менен жаштар парламентке келсе керек деп ойлогом. Бирок мен күткөндөй болгон жок. Азыр жаштарда кандайдыр бир апатия бар. Анткени, биздин үмүттөрүбүз акталган жок. Жаштарды биздин саясатчылар колдонуп туруп, анан ары жылдырып коюшту.

- Кандай ойлосуз, мындай учурда жаштар саясатчылардын, саясий оюндардын куралына айланбасы үчүн эмне кылышы керек?

- Биринчиден, жаштар өздөрүнүн кызыкчылыктарын билиши керек. Ал үчүн билим алсын. Кыргызстанда болобу, же чет мамлекеттеби, айтор сапаттуу билим алып, анан саясатка кириши керек. Коом турмушуна аралашышы керек. Жогорку Кеңешке болчу келерки шайлоого жаштар бүгүндөн баштап даярданышы керек. Ал үчүн биздин жаштар өздөрүнүн кызыкчылыктарын аныктап, жакшылап программа жазып, ошону элге жеткизип, жакшылап пиар кампания жасоо керек.

Элдин кызыкчылыгын ойлогон жаштар бар. Бирок аларды же эл билбейт, же алардын саясатка киргенге каражаты аз. Биздин ишкер жаштарыбыз бар. Алардын түшүнүгү азыр болуп жаткан коррупция, жапайы капитализмден таптакыр бөлөк. Улуу муундагы жаш саясатчылар арасында да жакшы кишилер бар. Ошолордон тажрыйба алып, баардык жаштар Кыргызстандын өнүгүшү үчүн, келечеги үчүн биргелешип иш алып барышы керек.

- Мамлекеттин жаштар саясатына кандай деп баа бересиз?

- Азыркы саясий мамлекеттик системада жаштарга аз көңүл бурулуп, алардын ролу аз болуп атат. Аларды бир-эки жерге орун басар кылып коюшат, мынакей деп көрсөтүп койгонго.

- Буга эмне себеп деп ойлойсуз?

- Жаштар бийликке команда менен келиши керек. Жаштар көбүрөөк болуш керек. Министрликтердеги бир-эки жаш эч нерсени чече албайт. Алардын башчылары да жаш болушу керек.

- Сиздер түптөгөн жаш саясатчылар форумунун идеясы ушундай эле. Бир команда түзүп, саясий майданга жаштарды чыгаруу деген дымактуу ойлор бар эле. Бүгүнкү күндө ошол иштер өтөсүнө чыгып жатабы?

- Муну айтуу кыйын. Мен эки жылдан бери Америкада жүрөм. Ушундан улам жаштардын кандай иштеп жатканын так билбейм. Интернеттен анан досторумдун жазгандарынан улам гана билем. Кыргызстандагы жаш саясатчылар, жаш активисттер иштеп атышат, мен аларга ийглик каалайм. Анткени, аларга да жеңил эмес. Кыргызстанда маселелер көп. Дегеле жаштар азыр өздөрүн колдонууга жол берип, анан сыртта калгандай сезишет.

- Кыргызстанга келип эки жылдын ичинде кандай өзгөрүүлөр болгонун байкадыныз?

- Жаман жактарды да, жакшы жактарды да байкаса болот. Жаңы жакшы имараттар курулуптур. Ушул гана жакшы жактары. Жаман жактары көбүрөөк көрүнүп жатат. Мүмкүн, ал эки жыл тигил жакта жашап келгендиктен айырма болуп жаткандыр.

Жолдорубуз абдан жаман болуп кетиптир, машинелер көбөйүптүр. Айдоочуларыбыз тартипсиз болуп кетишиптир, алар көп учурда эрежелерди сактабайт. Аларды көзөмөлдөгөн МАИ деген жок. Бишкектин абасы мүмкүн машинелердин көп болуп кеткендигиненби, айтор, булганыптыр. Менин оюмча ушул эрежелердин сакталбагандыгы сот бийлигинен көз каранды. Тартип коргоо органдарынын иштери да начар. Ушулардын баарын өзгөртүү зарыл. Биздин парламент кандай болсо да, сапаттуубу же сапатсызбы айтор мыйзамдарды кабыл алып жатат. Эми ошол мыйзамдарды ишке ашыруу керек. Ошондо гана эрежелер сакталат. Мыйзамдарды ишке ашыруу үчүн соттор жакшы иштеши керек. Соттор жакшы иштебегендиктен ушундай баш-аламандык болуп атат.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG