Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кырсыктын кесепетинен 19 жаштагы Чүй облусунун тургуну табарсыгы жарылып, Улуттук бейтапканага жеткирилген.Буга чейин 17-августтун түнү президенттин уулу Максим Бакиевдин кеңешчиси 21 жаштагы корей улутундагы жигитти Чолпонатадагы эс алуу жайынын аймагында сууга түшүп жүргөн жеринен ылдам жүрүүчү моторлуу кайык коюп кетип, ал башынан оор жаракат алып, каза болгон. (AJ)