- Келерки жылы эки баскычтуу бюджеттен кайрадан үч баскычтуу бюджетке өтүү пландаштырылды. Өкмөттүн мындай кадамын эмне менен түшүндүрөсүз?
- Бюджет өзү деле эки баскычтуу деп аталат. Ортодо район, облустар реалдуу эч кандай салымы жок эле райондук, айылдык бюджеттерди бекитишип, ошолорду карап, ортосунан бир нерсе жеп, ал эми облустун чоңдору болсо райондордун бюджеттерин бекитип, ортосунан өзүнүн үлүшүн алып, коррупцияга малынып кетти эле. Акылбек Жапаров аракет кылып, облус менен райондорду бюджет бекитүү процессинен четтетип койду эле. Азыр айылдардын өзүндө реалдуу экономика жок. Колхоз, совхоздун баары тарагандан кийин айыл чарба натуралдык үй чарбасына өтүп калышкан. Товардык айыл чарбабыз жок болуп калгандан кийин кирешелери жок каяктан акча табаарын билбейт. Дайыма эле дотация алып жашап келишкен да.
Дотацияны эки түрдө алышчу. Категориялык грант жана теңдеш грант деп коёт. Ошолордун эсебинен район менен облустун жетекчилери акчага жетпей жатышкан. Райакимдерин бул бюджеттен четтетип койсо, алар иштебей качып кете турган түрлөрү болуп калды. Буга себептер бар, айылдын өзүнүн реалдуу экономикасы жоктугунан улам, менин оюмча, кайрадан үч бюджетке кошту окшойт. Биринчи саясий себеп, экинчиси экономикалык. Айыл жерлеринде өнүгүү экономикасы жок, ала турган кирешелери жок.
- Эми өнүгүү маселесине өтөлү. Кыргызстан ички дүң өндүрүштүн көлөмү боюнча акыркы орундардын биринде турат экен. Өкмөттүн келерки жылы ички дүң продукт 50 пайызга өсөт дегенине ишенсек болобу?
- Виртуалдуу экономика деп коёт. Мына нандын кымбатташы да ошол виртуалдуу экономикадан келип чыкты да. Реалдуу экономика эч кандай жардам бере албайт.
- Өкмөттүн жарыялаган маалыматтарына караганда, ал жерде даана так сандар келтирилет. 600 ишкананын ичинен 100 ишканасы ишке киргизилди, мынча ишкана кайра калыбына келтирилди, ошолордун эсебинен өсүш болот дейт. Бирок, мынчалык көп ишкана ишке киргизилиши мүмкүнбү, Кыргызстанда?
- Кичине-кичинеден, четинен эл өзү аракет кылып, бир нерсе чыгарып, оокатын кылып келе жатат. Эми бул деле туура. 50 пайызы калп болсо да, 50 пайызы туура. Андай өсүш болот. Бирок, тилекке каршы ошол өсүшкө жараша эл да көбөйүп жатат да. Инфляция да өсүп жатат. 5 % инфляция, 7 % өсүш болот деп. Эгерде Талдыбулакты кошсок анда 50 пайызга көбөйөбүз деп жатышат. 7 % өсүп, кайра 7 % инфляция болгондон кийин андай өсүштүн кимге кереги бар. Бул бири-бирине шек коюп жатат да.
- Маегиңизге ырахмат.