Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:07

КӨРСӨТКҮЧТӨР ДУРУС, КООПТОНТКОНУ – КӨКӨЛӨГӨН БАА


Эки жумага чукул Эларалык валюта корунун миссиясы Кыргызстандагы өнүгүү программасынын аткарылышы менен таанышып, экономикалык көрсөткүчтөрдү талдоого алышты. Жарым жыл ичинде Кыргызстандын ички дүң продукту 9% ашканы менен инфляция деңгээли мурда белгиленген чектен ашып кетти. Азык-түлүк, күйүүчү-майлоочу майлардын баасынын кымбатташы социалдык проблемалары көбөйтөт. Инфляциянын айынан өлкө белгиленген экономикалык өнүгүү чегине жете албай калышы коркунучу турат.

Эларалык валюта корунун миссия жетекчиси Пауло Нойхаус Кыргызстандын жарым жылдык экономикалык көрсөткүчтөрү дурус экенин, мурда белгиленген чен-өлчөмдөрдүн текши баары аткарылганын белгиледи. Ойлонткон маселе инфляция, дан азыктарынын баасынын көтөрүлүп баратышы, аны улай күйүүчү-майлоочу майлардын да кымбаттап жатышы болууда. Буга сырткы-ички факторлор бирдей таасир көрсөткөнүн белгилеп, акча-кредит саясатын катулатуу сунушун ортого жайганын П.Нойхаус маалымат жыйынында билдирди.

- Баалардын көтөрүлүшү көбүнесе тышкы таасирге, негизинен товарлардын баасынын кымбатташына байланыштуу болгонун талкууладык. Ошондой эле мында ички факторлордун ролу кандай экенине да токтолдук. Анан түзүлгөн жагдайдан чыгыш үчүн биртоп экономикалык иш-чараларды иштеп чыгуу керектигине көңүл бурдук.

Анын айтуусунда, экономикалык өнүгүүгө кедергисин тийгизчү дагы бир жагдай, парламент тарабынан кабыл алынган пенсия курагын азайтуу жөнүндөгү мыйзам болууда.

Миссия жетекчиси тооруп алган инфляцияны ооздуктоо үчүн өкмөт салык-бюджет саясатын, Улуттук банк акча-кредит саясатын катуулатыштан башка арга жок экенин баса белгиледи. Каржы министри Акылбек Жапаров дүйнөлүк экономикалык толкундардын шарпасы сөзсүз Кыргызстанга да тие өтөрүн ырастап, ошол себептүү балардын өсүшү жалгыз эле азык-түлүккө эмес, башка тармактарды да камтый өтөрүн белгиледи.

- Ошон үчүн энергия баасы өспөйт деп айта албайм. Ал бизге байланыштуу эмес. Азык-түлүктүн баасы дүйнөдө кымбаттап жатат. Анын таасирин биз өзүбүз да сезип жатабыз. Былтыр биз мындай чочулоону эки ирет башыбыздан кечирдик, газдын баасын эки жолу көтөрдүк. Бул ирет баа анчалык көтөрүлбөйт деп ойлойбуз. Анын үстүнө өкмөт эмдиги жылдын апрелине чейин электр энергия акысын кымбаттатпайт.

Өкмөт менен Улуттук банктын инфляциянын кээрин азайтуу боюнча биргелешкен иш-чаралары негизинен саясатты катуулатуу түшүнүгүнө байланышкан. Аны Улуттук банк төрагасы Марат Алапаев да ырастады.

- Буга байланыштуу биз макроэкономикалык саясатыбызды кайра карап чыгабыз. Максат: акча-кредит саясатын катуулатуу.

М.Алапаев Улуттук банк менен өкмөт инфляцияны ооздуктоо боюнча биргелешкен иш-чараларды аныктап чыгышканын, анын натыйжасында инфляция деми кыйла басаңдай турганына ишенчин билдирди. Экономикалык өнүгүү жана соода министри Сабырбек Молдокуловдун ырасташынча, мурда белгиленген болжолдордун кыйласы чынга чыкпай, ошол себептүү өкмөт эми этият божомолго өткөн.

- «Кумтөр» алтын кени биздин болжол боюнча быйыл эле 14 тоннага чейин алтын бермек. Бирок, акыркы такталган маалыматар боюнча 9,2 тонна гана болууда. Сырткы факторлорду көрүп атасыңар, инфляция көтөрүлүп жатат, кээ бир товарлардын баасы кымбаттап жатат. Ошон үчүн экономикада кичине төмөндөө болушу мүмкүн.

Эмдиги жылдын март айында кыргыз өкмөтү менен эларалык валюта корунун экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзүүгө багытталган биргелешкен программасы аягына чыгат. Ага чейин эле миссия жетекчиси Пауло Нойхаустун да кызмат мөөнөтү аяктап, Бишкектен баргандан кийин эс алууга кетмекчи. Акылбек Жапаров кыргыз өкмөтү эларалык валюта корунун жетилип калган экономикага колдоо көрсөтүү деп аталган PSI программасына катышууга ниеттенип жатканын маалымдады.

XS
SM
MD
LG