Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:20

АЗЕРБАЙЖАНДА ҮЙДҮН КУЛАШЫНАН ӨЛГӨНДӨРДҮН САНЫ 11 АДАМГА ЖЕТТИ


Төрөкул Дооров, Прага Шейшембиде Азербайжандын байтактысы Бакуда жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн имараты урап түштү. Кеминде 11 адам набыт болгону кабарланууда. Дагы бир топ адамдар урандылардын астында экени айтылууда, бирок алардын саны ар кайсыл кабарларда ар кандай айтылып жүрөт. Имаратты куруп жаткан ишкананын жетекчиси камакка алынды. Бакудагы окуя Кыргызстан үчүн да маанилүү. Анткени баш калаада көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунда кетирилип жаткан катачылыктар тынчсызданууну жаратууда.

“Азаттыктын” азери редакциясы кабарлагандай, кулап түшкөн имараттын астынан дагы бир адам бейшембиде куткарылды. Ошентип, урандылардын астынан жалпысынан беш адам чыгарылды. Ал жерде азыр куткаруучулар оор техниканы колдонууга тыйуу салышканы айтылууда.

Азербайжандын маалымат каражаттары айтышкандай, ал жерде 12 жана 16 кабаттуу үйлөр курулуп жаткан экен. Эми анын оордунда үйүлгөн урандылар менен темир-тезектен башка эч нерсе калган жок. Айланада жан талашып, колу менен жерди казып, тирүү калгандарды издеп жаткан эле куткаруучулар.

Бакудагы бул кырсык ушу күндөрү курулушу өтө күчөп, ар тарабынан жаңы имараттар түшүп жаткан баш калаадагы негизги проблемалардын бирине дагы бир ирет көңүл бурдуруп жаткансыйт. “Имараттарды курууда паракорлук аралашканын” көрсөткөн факты ушу тапта иликтенүүдө.

Бакунун прокурору Азиз Сеидов бейшембиде билдиргендей, “бул адисанын болушуна жол берген болушу мүмкүн” деген шек менен төрт адам камакка алынды.

- Баку шаардык прокуратурасы иликтөө ишин баштады. Төрт адам кармалып турат, алардын ичинде бул имаратты куруп жаткан ишкананын деректири да бар, - деди шаардык прокурор Сеидов.

Азербайжандын Баш-прокуратурасы, Ички иштер министрлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бейшембидеги биргелешкен билдирүүсүндө кулап түшкөн үйдүн курулушу тийиштүү органдардын уруксатысыз эле жүргөндүгүн белгилешти.

Адиса болгон жерге президент Илхам Алиев да келди.

“Бакудагы кырсыктын негизги себеби – көп кабаттуу үйдүн уруксатсыз курулганы жана курулуштагы эрежелердин сактабагандыгы” деп түшүндүрүп жатышат. Ал эми Кыргызстандын баш калаасы Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдөгү абал кандай? Алардын курулунда жер-титирөөгө туруктук бериш үчүн бүт эрежелер сакталабы?

Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Ишенбай Кадырбеков ушул жылдын февралында “Азатыкка” буларды билдирген болчу.

- Жети кабатка чейнки каркастуу үйлөр техникалык кеңештен өтүп, өзүнүн расчетторун экспертиза кылыш керек эле. Тилекке каршы экспертизаны толугу менен өткөрбөй, көп кабаттуу үйлөр 7 кабат эмес 10-14 кабатка чейин курулуп аткан экен. Биз азыр кайра алардын бардыгын экспертизадан өткөргөнгө сунуш кылып атабыз. Эгерде алар экспертизадан өтпөсө, расчетторун бербесе биз аларды эксплуатацияга бербейли деп атабыз. Себеби алардын жер титирөөгө туруштук бере турганга көзүбүз жетпей турат. Биз 40тан ашык үйлөрдү текшерип көрсөк, куруп аткан 15 фирманын тиешелүү лицензиясы да жок экен, уруксатсыз куруп аткандар да бүгүн далил болду, - деген эле Ишенбай Кадырбеков.
XS
SM
MD
LG