Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:53

КЫРГЫЗСТАНГА КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ СОТТУК-МЕДИЦИНАЛЫК ЭКСПЕРТИЗА КЕРЕК


Кыргызстандагы укук коргоочулар көз карандысыз соттук-медициналык экспертиза зарылдыгын белгилешүүдө. Алардын айтуусунда мамлекетке баш ийбеген соттук-медициналык экспертиза болмоюнча, күч структураларында коррупция токтобойт. Ал эми Адилет министрлиги соттук-медициналык экспертиза соттор сыяктуу эле көз карандысыз экендигин билдирүүдө.

Адистердин айтуусунда соттук-медициналык экспертизанын чечими кылмыштын бетин ачууга да жана тескерисинче аны бурмалоого да негизги өбөлгөлөрдүн бири боло алат. Бирок бүгүнкү күндө укук коргоо органдарында, соттук кароолордо соттук-медициналык экспертизанын адистеринен башка дарыгерлердин бүтүмдөрү кабыл алынбайт. Ушундан улам соттук-медициналык экспертизанын чыгарган чечими туура болсо, болбосо да туура деп кабыл алынып, күч структураларындагы коррупциянын өнүгүшүнө жол берүүдө деп тынчсызданышат укук коргоочулар. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова “Азаттыкка” айткан сөзүндө айрым тергөөчүлөр соттук-медициналык экспертизанын кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, өздөрү каалагандай бүтүм чыгартып алып жүрүшөт дейт:

-Соттук-медициналык экспертиза жогорку күчүндө калып жатат. Ошондуктан, биз ага альтернатива боло турган, көз карандысыз соттук-медициналык экспертиза керек деп ойлойбуз.

Азиза Абдурасулованын айтуусунда көз карандысыз соттук-медициналык экспертиза түзүү үчүн эл аралык уюмдарга кайрылыша тургандыгын кошумчалады.

Кыргызстанда соттук-медициналык экспертиза сот органы сыяктуу эле көз карандысыз деген пикирлер да жок эмес. Адилет министри Марат Кайыпов көз карандысыз соттук-медициналык экспертиза тескерисинче акчалуулар үчүн кызмат кылган бир мекемеге айланып кетүүсү мүмкүн дейт:

-Соттук-медициналык экспертиза тергөөчүлөр айтканын эле жасай берет дегенге мен ишенбейм. Мамлекеттик эмес болсо эле экспертиза туура, акыйкат бүтүм чыгарып берет дегенден мен алысмын. Азыркы заманда бир коркунуч бар: кимде акча болсо ошол каалаган бүтүмүн алууга мүмкүнчүлүк алып калышы мүмкүн, эгер биз мамлекеттен чыгарып жиберсек, -дейт адилет министри Марат Кайыпов.

Үстүбүздөгү жылдын 15-апрелинде Нарын шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу камоочу жайында “Бириккен фронттун” мүчөсү Бектемир Акунов табышмактуу өлүм менен каза болгон. Жергиликтүү соттук-медициналык экспертиза ал асынып алган деген бүтүм чыгарып берген. Ошол эле учурда дарыгер, мурдагы саламаттыкты сактоо министри Накен Касиев баш болгон көз карандысыз комиссия өзүнүн иликтөөсүн жүргүзүп, өлүм муунуудан улам болгондугун ырастап, бирок Бектемир Акуновдун денесинде көптөгөн көгала жаракаттар бар экендигин, анын боору жарылып кеткендигин айтып чыгышкан. Комиссиянын жетекчиси Накен Касиев “Азаттыкка” берген интервьюсунда төмөнкүлөрдү айткан:

-Менин оюмча ал муунгандан өлгөн, экинчиден тирүү кезинде ал кишиге күч колдонулган. Эми анын өзү муунуп өлгөнүн же болбосо, башка бирөөлөр муунтканын тергөө айтат. Андан тышкары дагы денесинде бир топ жаракаттар бар. Көгала тактар далысында, бутунда, тиезелеринде, кабыргаларында жана башында бар. Жаракаттар терең, жөн эле тытылган эмес. Экспертиза болуп жатканда баш мээсинин, боорунун да жаракаттары бар экендиги байкалды.

Накен Касиев баш болгон көз карандысыз эксперттик топтун чыгарган жыйынтыгы эске алынган жок дейт маркумдун уулу Урмат Акунов. Ал көз карандысыз соттук-медициналык экспертиза болмоюнча адилеттик да болбойт деп эсептейт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG