Иракта согуш башталганда мурдагы президент Саддам Хусейндин Басрадагы сарайына британ контингентинен 550 аскер жайгаштырылган эле. Алар кечээ шаардык аэропортко жакын жердеги базага которулду. Бул жерде британдыктардын беш миңдей контингенти бар.
“Кабыл алынган аймактын коопсуздугу үчүн жоопкерчилик эми Ирак армиясына жүктөлөт, күзөткө алынган аймакка атайын уруксаты бар адамдар гана кире алат”,- деп билдирди Ирак командачылыгынын өкүлү.
Басрадагы сарайдан британ аскерлери чыгарылганы менен жалпы шаар баштагыдай эле алардын кылдат байкоосунда болот. Ирак коопсуздук күчтөрүнүн карамагына Басра толугу менен кеч күздө өтүшү ыктымал.
Британ премьери Гордон Браун аскерлердин жалпы санында анчейин деле өзгөрүү болбостугун, британ жоокерлери ирак эли менен дүйнөлүк коомчулук алдындагы милдетин толук өтөгөнчө кызматын уланта берерин, зарылдыгы туулса контингент Басрага кайра киргизилиши мүмкүн экенин билдирди.
Байкоочулар Басрадагы абал өтө опуртал дешет, араздашкан шейиттер арасында кагылыштар чыгып кетиши мүмкүн. Британдык эксперттердин бири Чарльз Хейман негизги аскери база шаардан бир топ алыс экенин, кокус бир балакет болсо, Басрага жакын турган бөлүктөргө кол кабыш кылуу кыйын болуп каларын эскертти.
Эл аралык кризис тобунан аналитик Питер Харлинг уюмдун жакында жарыялаган докладына шилтеме жасап, Басраны оңунан чыкпаган операциялардын лабораториясы деп атады. “Багдад өкмөтү өзүн улуттук биримдик өкмөтү деп эсептейт,бирок кооп-козголоң башталгандан бери өкмөт мындай наамга татырлык эчтеме жасаган жок. Зобун-зомбулуктардын башкы себептерин азайтууда,айрыкча сүннүлөрдүн мыйзамдуу талаптарын эске алууда да жетиштүү иш-чаралар көрүлбөдү”,- дейт Харлинг. Буга кошумчалап, Басрадагы жагдайга коңшулаш өлкөлөрдүн да катыштыгы бар экенин белгиледи.
Дубайдагы саясий изилдөө борборунун директору Мустафа Алани да жалпы түштүк Ирактагы кырдаалды жөнгө салганга Иран таасирин тийгизе алат эле, бирок Тегеран буга кайдыгер бойдон калды деп эсептейт. “Ирандыктар Ирактын түштүгүн туруктуу абалга салганга караманча кызыкпайт”, - дейт Алани. Иран бу жердеги бардык топтор менен оюн жүргүзгүсү келет, алардын ичинен бирөөнү да сөөмөйүн сайып көрсөтүп,ушу топту колдойм деп айта албайт. Тегеранга ошондой эле түштүк Ирактагы шейиттердин кайсы фракциясы жеңип чыгарын айтуу да кыйын,анткени алардын баарын,Аланинин айтымында,Тегеран өзү жатыктырып,өзү куралдандырган.