Атактуу астроном, географ, геолог, тарыхчы, тилчи жана акындыгы менен дүйнөгө таанылган окумуштуу Абу Райхан Мухаммад ибн Ахмед аль Бируни 973-жылдын 4-сентябрында жарык дүйнөгө келген. Атактуу окмуштуунун киндик каны байыркы афригиддик Хорезмдин борбору эсептелген Кят шаарына таамп, баралына келгенде ал ар кыл илим тармагынан билим алып, аалам аңдоого болгон көз карашын кеңейте алган.
1860-жылдын бу күнү 1750 жоокер жана 15 пушка менен куралданган падышалык орус аскерлери Пишпек чебин басып алышты. Пишпек чеби Кокон хандыгынын Чүй өрөөнүндөгү бийлик тиреги эсептелинип, аны мыкты куралданган 500 сарбаз кайтарган. Орус аскерлери Пишпекти беш күн камашып, аткылоочу куралдын артыкчылыгы менен чепти басып алууга жетишишкен. Кокон хандыгынын урагыз тириги деп кабыл алынган Пишпек чебинин кулашы, Чүй өрөөнүндөгү кыргыздарга зор таасир тийгизген жана алардын мындан ары хандык залимдигинен кутулуш максатында орус армиясына көмөк көрсөтүүсүнө себеп болгон.
Пишпек шаарында 1885-жылдын бу күндөрү үзгүлтүксүз жер титирөөлөр болуп турду. Жер титирөөнүн жогорку чеги 6 баллдык көрсөткүчкө жетсе, шаарга 40 км жакын жайгашкан Беловодское айлында жер титрөөнүн күчү 9-10 балл менен өлчөнгөн. Метеорологдордун айтымында мындай даражадагы жер титирөө Чүй өрөөнүндө буга чейин катталган эмес.
Пишпек уезддик жумушчу, дыйкан жана мусулмандар Советининин II съездди 1918-жылдын 4-сентябрында ишин баштады. Жыйында жер-суу комитеттерин уюштуруу маселеси, тамак-аш тартыштыгын жою, жер иштетүүнү өнүктүрүү, соода жана өнөр жайды жөнгө салуу, армияны кайра түзүү иштери каралды. Мындан тышкаары, жыйын катышуучулары, өлкөдөгү билим берүү тармагы менен саламаттык сактоо маселелерин көтөрүштү.
Чоң Алай районунун түштүгүндө өлкө чегин бузган исламчыл согушчандардын отрядын талкалоо боюнча аскердик операция 1999-жылдын 4-сентябрь күнү башталды. Кыргызстандын коргоо жана ички иштер министрликтеринин аскерлери Бокбашы ашуусундагы маанилүү бийиктикти ээлешип, душмандар коргоо участкаларын таштап Тажикстанга чегинишкен.
Бу күнү, 1802-жылы немец филологу Георг Гротофенд дүйнөдө биринчи болуп вавилондук клинопис жазуусун окуп, 1888-жылы Джордж Истман фотоаппаратты патенттеп, «Кодак» соода маркасын регистациялап, 1874-жылы советтик хирург Александр Вишневский жарык дүйнөгө келген.