Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2021 жума, Бишкек убактысы 20:40

15:32 Жалалабат: пахтазавод жамааты аларга ишкананы өткөрүп берүүнү президенттен суранат


Алар ишкананы кайра эмгек жамаатына өткөрүп берүүнү жана жумушчуларды иш менен камсыз кылууну, заводдун иштөөсүнө тоскоолдук
кылган бийлик жана тартип коргоо башчыларына чара көрүп, эл аралык талаптарга төп келген ишкананы иштетүүгө шарт түзүүнү өтүнүштү. 24 гектар аянтты ээлеген заводду кире бериш жагынан 2 милиционер кайтарып тура берсе, эмгек жамааты ишсиз калып, мамлекет да чоң зыян тартаарын белгилешти. Былтыр кабыл алган миң тонна пахтаны иштетүү менен завод 1,6 миллион пайда таап, кошумча нарк жана башка салыктардан, соцфонд төлөмдөрүнөн кутулганына басым кылышты. Жогорку Сот ишкананы депутат Өмүрбек Бабановго тиешелүү деп күмөндөлүп жүргөн "Кыргызпахта" акционердик коомунун пайдасына чечкендиктен, эки ай мурда эмгек жамааты милиция тарабынан заводдон чыгарылган. (YA)

XS
SM
MD
LG