Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:28

КАЗАКСТАН ЕККУга ЖЕТЕКЧИЛИК КЫЛУУГА ЖЕТИЛДИБИ?


Төрөкул Дооров, Прага Үстүбүздөгү жылдын ноябрында Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун министрлери бир топ маселелерди талкуулаш үчүн Испанияга чогулушат. Күн тартибине коюлуучу маселелердин катарында “ЕККУда жетекчилик кылуунун кезегин 2009-жылы Казакстанга бериш керекпи же жокпу?” деген суроо да бар. Казакстанда жакында парламенттик шайлоо өттү. Астаналык айрым расмий өкүлдөр “шайлоонун болгону өлкөнүн ЕККУга жетекчилик үчүн талапкердигине жардам берет” деп ишенишет. Бирок аларды сындап чыккандар болсо “добуш берүүнүн жыйынтыктары Казакстан азырынча ЕККУда башчылык кылганга даяр эмес экенин ырастады” дешет.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев өз өлкөсүнүн ЕККУда жетекчилик кылыш үчүн талапкердигин бир топ жылдардан бери эле үгүттөп келатат.

Жейн иликтөө борборунун аналитиги Алекс Ватанканын ишениминде, ЕККУ Казакстандын талапкердигин олуттуу карашы үчүн жетиштүү себептер бар.

- Президент Назарбаев Казакстан ОБСЕде жөн гана активдүү мүчө болуп калбай, уюмду алга жылдырып, жетелөөгө да дилгир экенин айтып жүрөт. Анан менин айтаарым, ЕККУ азыр чыгыш багытына жылдырылууда. Мисалы, уюм азыр чын-чынында Кытайдын чек-ара аймагында иштеп жатат, бул алар үчүн такыр жаңы мандат, - дейт аналитик Ватанка.

Казакстан демократиялык көрсөткүчтөрүнүн жана адам укуктарын коргоонун үстүндө дагы иштеши керек деп, ОБСЕ Борбор Азиялык бул мамлекеттин талапкердигин кароону былтыр артка жылдырган.

Кийин негизги өзгөрүү жакында өлкө парламенттик шайлоону өткөргөндөн кийин орун алды. Анда казак парламентинин төмөнкү палатасы – Мажилиске – шайлоо өткөн эле. Ошол шайлоодо парламентке өткөн депутат Камал Бурханов соңку добуш берүү өлкөнүн ОБСЕдеги жетекчилик кылуу үчүн талапкердигине үлкөн эле жардам болду деп ишенет.

- Казакстанда ЕККУну жетектеш үчүн бир топ эле олуттуу шанстары бар. Шайлоо биз каалагандай өттү. Дегинкиси, эл шайлайт да, бул – анын укугу. Ошондуктан, биздин өлкө уюмду жетектешине эч кандай тоскоолдуктар жок деп ойлойм, - деди депутат Бурханов.

Анткен менен баары эле мындай пикирде эмес өңдүү. Добуш берүү партиялык тизме менен өткөн эле. Анан жыйынтыктары чыккандан кийин, көрсө, таймашка чыккан жети партиянын бирөөсү – башкаруучу “Нур Отан” – гана Мажилистеги баардык орундарды ээлеп калыптыр.

Социал-демократ Амиржан Косанов – жеңилип калган алты партиянын бирөөсүнүн өкүлү. Ал, тетирисинче, парламенттик шайлоо Казакстандын ЕККУда жетекчилик кылышына алакыт кыла турган окуя болду деп ойлойт.

- Августтагы шайлоодон кийин, албетте, Казакстандын абройлуу эларалык бул уюмда башчылык кылууга шансы азайды.

Шайлоонун артынан эле “Чексиз репортерлор” эларалык уюму казак жериндеги шайлоо өнөктүгүнүн учурунда аны чагылдырган журналисттердин ишине бийлик өкүлдөрүнүн таасири чоң болгонун жана аны чагылдыруунун өзү бейтарап өтпөгөнүн айтып чыкты.

Мына ушундай проблемаларга карабай, Казакстан Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунда жетекчилик кылуу үчүн ноябрдагы жыйында колдоо алып калышы да ажеп эмес деген ойлор айтылууда. Борбор Азия боюнча америкалык эксперт Грегори Глисон, мисалы, Казакстандын Европада да, АКШда да таанылган “базар экономикасын” түптөй алганынын өзү бул үчүн чоң аргумент деп ишенет.

XS
SM
MD
LG