Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:59

5-CЕНТЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


«Семиреченская жизнь» газетасы Сазановка жана Григорьевка кыштактарына кыргыздардын кол салышы туурасында жазып чыкты. Атаке болуштугунун миң чамалуу түтүн кыргыздары орус аскерлеринин жазалоосунан качып Боз Күдөргө келип конгон.

«Семиреченская жизнь» газетасы Сазановка жана Григорьевка кыштактарына болгон кыргыздардын кол салышы туурасындагы толук маалымат 1916-жылдын 5-сентябрында алынды деп жазып чыкты. Гезит бетинде кыргыздардын чабуулу жана анын жүрүшү, ошондой эле коргонуу ыкмалары кең-кесири кабарланган. Кыргыздардын чабуулу август айынын соңунда басаңдап, алардын акыркы күчтөрүн аскер старшинасы Бычков башкарган отряд тарабынан 3-сентябрда талкалаганы жазылган.

1916-жылкы боштондук көтөрүлүштүн адегендеги башталышы да, жеңилген кыймылдын эпикини да башында Атаке болуштугуна тийген. Атаке болуштугунун миң чамалуу түтүн кыргыздары орус аскерлеринин жазалоосунан качып, 5-сентябрда Тарагай суусун кечип, анын чыгыш тарабындагы Боз күдөргө конгон. Ал түнү күн сууктап, жаш балдар жана кемпир, чалдар суук азабын тарта башташкан.

ВКП (б) Борбордук Комитети 1931-жылдын 5-сентябрында «Баштапкы жана орто мектеп туурасында» Токтом кабыл алды.

1999-жылдын бу күнү Баткен районун коргогон аскер күчтөрүн кайра топтоо аракети жүргүзүлдү. Буга чейин өлкө чегин бузуп кирген исламчыл согушчандарга каршы күрөшкөн коргоо министрдигинин аскерлерин, ички иштер министрдигинин жоокерлери алмаштырышты.

Таанымал тарыхчы Белек Солтоноевдин 125 жылдыгына арналган эларалык илимий конференция 2003-жылдын 5-сентябрында өткөрүлдү. Архив материалдарында жана Белек Солтоноевдун китебинде анын качан жарык дүйнөгө келгендиги туурасында так маалымат жок. Кыргыз улуттук университетинде өткөрүлгөн илимий конференция бир чети, анын илимпоздук ишмердигине арналса, экинчи жагынан, илимий ийримдин датасы окумуштуунун туулган күнүн 5-сентябрь менен белгиленишине себеп боло алчудай.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны 2003-жылдын бу күнү Кыргыз өкмөтүн иштен кетирүү туурасындагы коммунисттер фракциясы даярдаган долбоорду талкуулоого киришти. Коммунисттер фракциясы Лениндин эстелигин борбордук аянттан которткондугу үчүн Кыргыз өкмөтүн иштен кетирүүнү талап кылган. Мыйзам чыгаруу жыйынында жашыруун добуш өткөрүлүп, коммунисттер фракциясынын долбоору колдоого алынган жок.

Бу күнү, 1698-жылы Петр I боярлардын сакалын кыркып, 1568-жылы италиялык философ Томмазо Кампанелла, 1585-жылы француз мамлекеттик ишмери Арман Жан дю Плесси Ришелье, 1817-жылы орус жазуучусу Алексей Толстой, 1941-жылы таанымал кыргыз акыны Токтосун Самудинов жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG