Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:03

ДОГДУРЛАР ЭМНЕГЕ АЙЫЛГА БАРЫП ИШТЕГЕНДЕН КАЧЫШАТ?


Бүгүнкү күндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык республика боюнча 685 врач өтө зарыл болуп турат. Андыктан аты аталган министрлик быйылтадан баштап өлкөнүн жогорку медициналык окуу жайларын бюджеттин эсебинен аяктаган жаш кадрларды Бишкек жана Ош шаарларында калтырбай, бардыгын жер-жерлерге барып иштеп келишин талап кылган чечим кабыл алды. Ага ылайык жаш бүтүрүүчүлөр үч жыл региондорго барып иштеп келүүсү керек. Бул жаатта медициналык кызматкердин депозити программасы былтыртан баштап иштей баштаган. Бирок ал программа боюнча да жер-жерлерге барып иштеп келүү ниетин билдирген адистер аздык кылууда.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык кызматкерлер депозити былтыртан баштап иштеп келет. Былтыркы жылы бул программа боюнча региондорго барып иштеп келүү ниетин билдирген 99 гана адам чыккан. Алардын кырк бири гана медициналык окуу жайды аяктаган жаш кадрлар болгондуктан, министрлик ушул гана адамдар менен келишим түзүп, аймактарга иштеп келүү үчүн жиберген. Ал эми быйылкы жылы бул программанын алкагында 80 арыз түшкөн. Ошол себептүү министрлик медициналык окуу жайды бюджеттин эсебинен бүтүргөн жаштарды милдеттүү түрдө региондорго барып үч жыл иштеп келүүсүн талап кылган чечим чыгарды. Ушундай жол менен аймактардагы дарыгерлердин жетишсиздигин жоюу маселеси жолго коюлууда. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев бул жаатта төмөнкүлөргө токтолду:

- Бүгүнкү күндө кадр маселеси өтө орчундуу. Жер-жерлерде кадрлар жетишпей атат. Ошондуктан 2006-жылы врачтын депозити деген программа боюнча токтом кабыл алынган. Ал боюнча акча каралып ар бир врачка, эгер жөнөткөн жагына барып иштей турган болсо эсебине ай сайын 3 миң сомдон которулуп турат. Бул иштеген акысынан тышкары.

Ошентсе да медициналык окуу жайдын айрым студенттери жер-жерлерге барып иштеп келүүдөн качып, аларды милдеттендирген чечимдер окуу жайына тапшырып жатканда эскертилиши керек эле дешет. Жаштардын иши боюнча департаменттин директору Айдар Жоробеков, бул маселе боюнча нааразы болгон бир катар студенттер кайрылышканын ырастады:

- Биздин департаментке көптөгөн кайрылуулар келип түшүп атат. Анткени көптөгөн студенттер, ордунатурада окуп аткандар муну былтыр эле угуп атышпайбы. Муну ар бир студентке жогорку окуу жайга тапшырып жатканда айтып, алар буга даяр болуп келиши керек эле. Бул орто жолдо киргизилип калган чечим болуп атат да.

Мадамин Каратаев бул маселени министрлик жакшы түшүнөрүн, бирок абал ушундай экендигин жана быйылкы жылы Медициналык академиянын биринчи курсуна жаңы отурган студенттерге жеке өзү эскерткенин билдирди:

- Быйыл биринчи курстун студенттерин кабыл алап атканда, медакадемияга мен өзүм барып, аларды билим күнү менен куттуктап ушул боюнча да айттым. Мисалы, 15 миңдин тегерегиндеги врачтар иштеген учурда биз жапканбыз да. Бүгүнкү күндө 11 миң 841 гана врач бар. Төрт жарым миң врач жок.

Медициналык академиянын студенти Айнура, эгерде депозитке түшчү акчанын суммасы бир аз жогору болсо барып иштеп келет болчумун дейт.

Ал эми Медициналык академиянын проректору Рысбек Калиев, догдурдун депозити программасы колдоого татырлык экендигин, быйылтан баштап интернатурадагы студенттерди бир жылга айыл жергесине жибере башташканын айтты:

- Жылына биз беш жүздөй жаш дарыгерлерди чыгарабыз. Бизде врачтардын маянасы аз болуп, бул өзгөчө жаштарга кыйынчылык туудуруп, алардын көбү чет мамлекеттерге кетип, дарыгерлер аябай азайып кетти. Мурда бизде бүткөндөрдүн көбү сөзсүз клиникалык ординатураны өтүшчү эле. Быйылтан баштап биз кайрадан аны интернатура кылып, көбүн айылдарга жиберип атабыз.

XS
SM
MD
LG