Россия империясы ыңгайлуу соода өнөктөрүн табуу максатында 1813-жылы Чыгыш Түркстанга көпөс Миркубан Ниязов баштаган кербен жөнөтөт. Орус кербени менен кошо жолдо кезиккен калк башчыларына жана алыскы кыргыздарга багышталган Сибирь генерал-губернаторунун ачык каты жолдонгон. Генерал-губернатор калк башчыларынан орус соодагерлерин талап-тонобой, тескерисинче аларга жардам көрсөтүүлөрүн өтүнгөн. Кийин кыргыздар туурасында баалуу маалымат калтырган губерниялык статс-котормочу Андрей Леонтьевич Бубенов 1813-жылдын 7-сентябрында кербен менен кошо Семипалатинск шаарынан жолго чыккан.
Орус армиясынын учкул отряд начальниги, полковник Витгенштейндин жоокерлери менен молдо Ашыр баштаган козголоңчулар ортосундагы кагылыш 1876-жылдын бу күнү болуп өттү. Андан соң орус аскерлери Зардалы багытында жүрүш жасап, Жура ашуусунун оозунда бекинген козголоңчулар аларга каршы айыгышкан каршылык көрсөтүшкөн. Алынган маалыматтарга караганда орус аскерлерине каршы кыргыздардын шайырчы уруусу жана Мухамедбай, Йармухамад, Кудайназар, Мадкарым, Муратбай, Ишмухамед баштаган 800 адам согушкан. Согушта 8 орус аскери оор жаракат алып, 27 жоокер жеңил жарадарланып, каршылашкан тарап кагылыш талаасына 51 сөөк калтырган.
Атактуу манасчы Саякбай Каралаев 1894-жылдын 7-сентябрында жарык дүйнөгө келген. Манасчынын киндик каны Тоң районундагы Семизбел жерине таамп, ал бала чагынан тарта Манас дастанын айта баштаган. 1935-жылы Саякбай Каралаевдин айтуусунда «Манас» эпосунун вариантын жазуу башталып, 1937-жылы «Манас» окуясы толук жазылып, кийин «Семетей», «Сейтек» дастандары кагаз бетине түшүрүлгөн. Саякбай Каралаевдин айтуусунда «Манас» эпосунун 500 553 сап варианты жазылып алынган.
Түркстан генерал-губернатордугунун 1916-жылдын 7-сентябрда кабыл алган чечимине ылайык көтөрүлүштөн жапа чеккен орус адамдарына жардам көрсөтүлүү чаралары такталган. Анда жапа чеккендерге жардам көрсөтүү чаралары көтөрүлүшчүлөрдөн тартылып алынган мал сатылгандан кийин топтолгон каражатка жараша капитал жыйналып, андан соң каражат таратылаары жана ал туурасындагы маалымат уезддик начальниктерге билдирилээри айтылат.
1916-жылкы боштондук көтөрүлүштөн жеңилип, орус аскерлеринен качкан Атаке болуштугунун миң чамалуу түтүн кыргыздары 7-сентябрда Ыштыкка келип конгон. Белек Солтоноевдин маалыматына караганда сарыбагыштардын үч төөсүн тынымсейит уруусунан чыккан Сорумбек уулу уурдап, жоготкон тарап аларды каткан жеринен таап алышкан.
Бу күнү, 1707-жылы айтылуу француз табият таанычусу, 36 томдук «Табият тарыхы» китебинин автору Жорж де Бюффон, француз композитору жана таанымал шахматчы Франсуа Филидор жарык дүйнөгө келген.