- Бүгүн парламентте өкмөттүк саат өткөнү жатат деп кечээ кабарланды эле. Кайсы маселелер көңүл чордонунда болчудай?
- Эң негизги маселе биринчи күнү жыйын башталганда өкмөт мүчөлөрү премьер- министр менен чогуу болгондо, экономиканын абалы, инфляциянын деңгээлинин жогорулугу, нандын баасынын кымбатташы сыяктуу азыркы эң көйгөйлүү болуп жаткан, элдин жүрөгүн өйүткөн маселелер каралган. Бул премьер-министрге тапшырылган. Алар бүгүн экономиканын абалы боюнча, нандын баасынын кымбаттап кеткени боюнча отчетун берет. Күздүк жыйноо маселелеринин негизинде кандай чараларды кабыл алып, элдин турмушун жеңилдетүү боюнча аткарып жаткан иштерин айтышат.
- Cиздин кээ бир кесиптештериңиз нанга бааны ушуп тапта токтотуу мүмкүн болбой калды деп атышат. Сиздин оюңузча азыр кандай чукул чаралар зарыл?
- Ал бааны кайра ордуна келтирүү татаал нерсе. Анткени, нандын баасын күчкө салып ылдыйлатабыз дегенде илгерки Советтер Союзу учурундагыдай спекуляция болуп, баары бир эле кызылкулактарга шарт пайда болуп кала тургандай абалга түшүп калат. Анткени кызылкулактар арзан баага алып кайра элге кымбат баага сатышат. Ошон үчүн нандын баасын андан ары өстүрбөй бир аз ылдыйлатуу, жана элге компенсация берүүнү, пенсионерлердин пенсиясын, бюджетте иштегендердин айлык акысын керектүү деңгээлде кошумчалоо сыяктуу принциптер менен теңдебесе, нандын баасын ылдыйлатуу болбойт.
- Бүгүн коопсуздук кеңеши да чакырылары күтүлүп атпайбы. Ушул тапта парламентте өкмөттүк саат үзгүлтүккө учурабайбы деген суроо туулуп атат. Себеби, Атамбаев отчет бериш керек деп атасыз. Атамбаев Коопсуздук Кеңештин мүчөсү. Ошол эле учурда Марат Султанов да ошол жакка барып катышышы керек болот. Анда бүгүн өкмөттүк саатта кандай болот?
- Азыркы замандын саясаты ушундай болуп атпайбы, нандын баасы канча айдан бери кымбаттап келатат. Мисалы, августта чогултуп иш чараларды Коопсуздук Кеңештин чечиминин негизинде алып барса болот эле да. Нандын кымбаттап кетиши боюнча маселелерди 3-сентябрда эле “Ата мекен” партиясы үчүнчү пленумун өткөрүп, нандын кымбаттап кетишинен канча кишилер жабыр тартып аткандыгын карап, өзүнүн билдирүүсүн таркаткан. Өмүрбек Текебаев ошондо эле койгон эмне үчүн Коопсуздук Кеңешинде ушул маселени коюп иш чара көрбөсүңөр деп. Коопсуздук Кеңеши азыр коюп атканы туура эмес. Султанов да, Атамбаев да Коопсуздук Кеңешинин мүчөсү, ошон үчүн алар түштөн кийин өткөрүш керек.
-Маегиңизге чоң ырахмат.
Маектешкен Бурул Сарыгулова, Бишкек