Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 23:31

ТҮШТҮКТӨГҮ ЧЕК АРА АЙМАКТАРЫНДА АБАЛ ООР


7-сентябрда Коопсуздук Кенешинин жыйыны өтүп, анда чек ара коопсуздугу жана өлкөдөгү диний кырдаал талкууланды. Чек ара коопсуздугуна байланышкан маселеде кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек чек араларынын ушул күнгө дейре тактала электигинен көптөгөн талаштуу маселелер чыгып жатканы, чек ара аймактарында абал талкууга алынды. Жыйында өлкө президенти бул маселелерди кошуналар менен сүйлөшүү аркылуу гана чечүү зарылдыгын белгилеп, бул боюнча жергиликтүү бийликтерге жана тиешелүү кызматтарга тапшырма берди.

Жыйын жабык өтүп, анын соңунда коопсуздук кеңештин катчысы Токон Мамытов, вице-премьер-министр Досбол Нур уулу жана Чек ара кызматынын башчысы Замир Молдошев журналистттерге маалымат жыйынын өткөрдү.

Коопсуздук кенештин катчысы Токон Мамытовдун айтымында, жыйында талкууланган бул эки маселе, Кыргызстанды эле эмес кошуна өлкөлөрдү да тынчсыздандырган маселе. «Ошондуктан президент бул кырдаалга байланышкан бардык маселелерди кошуна өлкөлөр менен тыгыз байланышта биргелешип чечүү милдетин койду», - деди ал.

Токон Мамытов ошондой эле мындай жыйынга диний өкүлдөр биринчи жолу чакырылганын белгиледи.

Анда айтылганга караганда, бир канча саатка созулган бул жыйында чек ара коопсуздугу боюнча бир топ сөз болгон. Бирок журналисттердин алдына чыккан бийлик өкүлдөрү кандай сөз, кандай сунуштар болгонун ачыктабай, президент бул маселени кошуналар менен биргелешип чечүү милдетин койду деген менен чектелишти.

Вице-премьер-министр Досбол Нур уулунун айтымында кыргыз-тажик чек арасына байланышкан маселени эки өлкө башчылары тажик президенти Эмомали Рахмондун ушул айда Кыргызстанга жасачу сапары учурунда да талкуулашы мүмкүн:

- Президент чек арага байланышкан кандай маселе болбосун жергиликтүү бийликтер кошуна тараптын жергиликтүү бийликтери менен сүйлөшүү жолу менен чечкиле деген тапшырма койду. Чыр менен эч кандай маселе чечилбейт. Чек арага байланышкан өтө кооптуу маселелер болсо эки өлкө президенттеринин ортосунда да талкууланышы мүмкүн.

Чек ара аймактарында талаш маселелердин чыгышына негизинен мамлекеттик чек аралардын ушул күнгө дейре тактала электиги себеп болууда. Чек ара кызматынын башчысы Замир Молдошев жыйында бул маселе да козголгонун белгиледи:

- Чек ара коопсуздугуна жылма миграция да таасирин тийгизүүдө. Азыр чек ара аймактарында биздин жарандардын копчулугу өз уй-жерлерин кошуна Тажикстан менен Өзбекстандын жарандарына сатып кетип жатышы тынчсыздандырууда. Экинчиден, бул аймактарда географиялык абал да абдан татаал, чек аралар чырмалышкан. Маселен бир үй көчөнүн бир тарабынан Кыргызстанга, экинчи тарабынан Тажикстанда болуп калган учурлар. Ошондуктан чек араны тактоо иштери азырга дейре чечиле элек. Бүгүнкү жыйында чек ара тактоону мүмкүн болушунча тездетүү маселеси да коюлду.

Ошол эле учурда жергиликтүү тургундар Баткен облусунунун чек ара аймактарында бул маселе күндөн-күнгө оорлоп, кошуна Тажикстандын жарандары тараптан жер ээлеп алуу аракеттери күчөп жатканын айтышууда. Чек арадагы азыркы абал тууралуу бизге кыргыз-тажик чегиндеги айылдардын биринде жашаган баткендик Кадыр Кудаяров буларды айтып берди:

- Жагдай азыр аябай оор, тажик туугандар бизди суудан, жерден, жолдон кысып атат. Окуучулардын мектепке барып келиши да кыйындап кетти. Эл эч кимге ишенбей калды, өзү менен өзү эле болуп, жогортон көңүл бурган эч ким жоктой болуп калгандай. Канча комиссия келди, эч кандай жыйынтык жок. Тажик тарап агрессивдүү, кыргыз тарап болсо пассивдүү маанайда болуп калгандай таасир калтырат азыр. Алардын бийлиги тымызын колдогондой элди. Чек ара маселеси тезирээк чечилсе эки элге тең жакшы болот эле.

Баткендик Кадыр Кудаяров ошондой эле тажик тараптан эки ортодогу талаштуу делген жерлерди ээлеп алуу аракети азыр да уланып, бул жерлер кыргыз тарап үчүн гана талаштуу, ал эми кошуналар үчүн талаштуу эместей таасир калтырып жатканын кошумчалады. Ошол эле учурда биздин жергиликтүү бийликтердин кийлигишүүсүнөн эч кандай майнап чыкпайт экен.

Буга чейин тараптар чек ара такталмайынча эки ортодогу талаштуу делген жерлерди өздөштүрбөй турууга жергиликтүү деңгээлде макулдашкан эле. Бирок бул макулдашуу бир тарап үчүн кагазда гана калгандай. Ошондон улам жергиликтүү тургундар маселе жергиликтүү деңгээлде эмес жогорку деңгээлде чечилүүгө тийиштигин, чек араларды тактоо иштери бүткөнгө чейин чек араны жок дегенде азыркы абалында сактап калууну зар какшоодо.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG