АЛЖИР. Алжирдин Деллис шаарында болгон жардырууда ар түрдүү маалыматтар боюнча экиден он жетиге чейин киши курман болуп, жыйырма чакты киши жараат алды. Бомба жээк күзөтүнүн казармаларынын жанында турган машинеде жарылган. Мындан эки күн мурда Батна шарында жан кечти террорчу эл арасында бомба жарып, андан 20 чакты киши курман болгон. Чогулгандар Алжирдин президенти Адельазиз Бутефликинин келишин күтүп турушкан.