Ысыккөл оюндарында стритбол боюнча эркектер командасынан Казакстандыктар баш байгенин ээси болушту. Үч жылдан бери “Ысыккөл баатыры” деген сынак Ысыккөл оюндарынын таасирин арттырууда. Бул сынак спорттун төрт түрү: 50 м ге сууда эркин сүзүү, чоюн көтөрүү, таш көтөрүү жана кыргыз күрөшү боюнча аныкталат. Бул сынакта 26 жаштагы Чүйлүк спортчу Данияр Аманкулов “Ысыккөл баатыры” деген атка татып, 1-орунду ээледи. Ал эми 35 жаштан жогорку курактагы спорт ардагерлеринин ичинен Казакстандык Сергей Карпенко “Ысыккөл баатыры” сынагынын жеңүүчүсү аталды. Чоң теннис боюнча кыз-келиндерден Бишкектиктер: Сабина Курсунова менен Лариса Янгурчук баш байгени утуп, Ысыккөл оюндарынын чемпиону болушту. Ал эми массалык сууга сүзүү жарыштарында Орусиялыктар байгелүү орундарды ээлешти.
Спорттун он беш түрү боюнча таймаштар 11-сентябрда жыйынтыкталат. (KMa)
Спорттун он беш түрү боюнча таймаштар 11-сентябрда жыйынтыкталат. (KMa)