Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 11:59

8:34 Ушул жумада Аксы окуясы боюнча сот иши боло турган күн белгиленет


Бул тууралуу “Азаттыкка” аксылыктардын адвокаты Сартпай Жайчыбеков билдирди. Анын айтымында, жабыркаган тарап сот иши Аксынын Кербен шаарчасында каралышын күтүп жатат. Мындай сунуш менен өткөн аптада Жогорку Сотко «Кылым шамы» укук борбору да кайрылды. 6-сентябрда маалымат жыйынында Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев Аксы окуясы боюнча козголгон кошумча эки кылмыш иши тергелип жатканын айтып, кылмыш иши 18-марттагы окуялар боюнча жана Азимбек Бекназаровду камакка алган прокуратура кызматкерлеринин чечимине байланыштуу козголуп, тергөө жүргүзүлүүдө деген болчу. (ZMa)

XS
SM
MD
LG