Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:59

10:28 Ысыккөл кинофестивалынын баш байгеси ыйгарылган жок, экинчи сыйлыгын «Боз салкын» тасмасы алды


Калыстар тобунун айтымында, Ысыккөл кинофестивалынын баш байгеси фестивалдын деңгээлин көтөрүү үчүн эч бир кинофильмге берилген жок. «Биздин жан дүйнөбүздү дүркүрөткүдөй чыгарма көрө алган жокпуз»,- деп билдирди өзбекстандык таанымал режиссер Шухрат Аббасов. Кинофестивалдын экинчи сыйлыгы «Күмүш түндүктү» документалдуу фильмдердин ичинен “Өткөөл” (Азербайжан), кыска метраждуу фильмдерден - “Рабия” (Узбекистан) жана толук метраждуу “Боз салкын” (Эрнест Абдыжапаров, Кыргызстан) фильмдери жеңип алды. Шанхай уюмундагы өлкөлөрдүн быйыл биринчи жолу өткөрүлгөн Ысыккөл кинофестивалында 12 өлкөнүн тандалып алынган алтымыштан ашык кинотасмалары көрсөтүлдү. (KCh)

 

XS
SM
MD
LG