Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:09

ИРАКТА ГРУЗИН КОНТИНГЕНТИ ЭКИ ЭСЕ КӨБӨЙДҮ


Грузия Ирактагы контингентин эки эсе көбөйткөнүнө эки ай болду. Азыр алар Иран менен чектешкен чыгыштагы Ал-Кут провинциясындагы кырдаалды көзөмөлдөп жатышат. АКШ жетектеген коалицияга кирген өлкөлөр Иракта өз аскерлерин кыскартып же толук чыгарып кетип жатканда грузин жетекчилиги эмне жүйөөдөн улам мындай кадамга барды?

Грузин контингенти Иракка 2003-жылы киргизилген. Адепкиси бир жасоого жеткен эмес – болгону 79 жоокер эле, кийин 800 болду. Алар негизинен Бакубада жана Багдаддын “жашыл зонасында” күзөт-тозот пункттарында кызмат кылышкан, аскери эч кандай операцияларга катышкан эмес. Мындан эки ай мурда грузин парламентинин коргоо жана коопсуздук комитети контингенттин санын эки эсе көбөйтүү сунушун жактырган соң аларга жаңы толуктоо келип,грузин солдаттарынын жалпы саны 2 миңге жетти. Грузиндер Иранга жуук Ал-Кут аймагына жайгаштырылды.

Майор Заза Кварайа бул жерге июлдун этегинде келген. Ал учурунда Косоводогу бейпилдик күчтөрүнүн курамындагы грузин аскер бөлүгүндө да кызмат кылган. Ал-Кутта топ тээп, ойноп отурабыз деп айта албайм, дейт ал. Жалпысынан аймак тынч,жайчылык кезде да бейкалба жер болгон дешет. Майда-барат айрым окуялар болду, грузин контингенти жергиликтүү калк менен байланышып,баарын жөнгө салганга жетишти. Жергиликтүү эл бейпилдикти коргогону келгенибизди түшүнөт, дейт грузин майору.

Коалицияга кирген айрым өлкөлөр Ирактан аскерлерин толук чыгарып кетишти, калгандары контингентин акырындап кыскартып жатышат. Ушундай шартта Грузия эмне үчүн аскерлерин эки эсе арттырууну чечти?

“Грузиндер эч качан эч кимден качкан эмес. Атүгүл өтө кыйын шарт болсо да калабыз, ал эми Ирактагы аскери операциянын тагдыры чечилгени жаткан быйылкы жылы контингенттин санын эки эсе көбөйтөбүз”, - деп айткан эле жыл башында президент Михаил Саакашвили.

Бирок президенттин бул сөзүн баары эле макул тапкан жок. Парламенттеги оңчул оппозициялык фракциянын мүчөсү Мамука Кацитадзе: “Президент Саакашвили ким бирөөлөргө грузиндерди чоң эл кылып көрсөткүсү келет. Украиндер, мисалы, бизден ашса ашат, асты кем калбайт, бирок алар Ирактан аскерлерин түгөл чыгарып албадыбы?!” - деп билдирди.

Тбилисиде турган бой жеткен бир кыз сүйлөшкөн жигити Иракта экенин айтып,абдан коркуп жүргөнүн жашырбады. Орто жаштагы бир аял Ирактагы грузин солдаттарын эки миңге жеткирген президенттин чечими өтө чоң тобокелчилик болгонун,кокус бир балээ чыкса, алардын көбү өз жерине кайтпай калышы мүмкүн экенин эскертип, кабатырланды.

Деген менен грузин контингентинин Иракта болушун жактагандар да бар. Алардын бири жоокерлер Иракка өз ыктыяры менен кетип жатышканын, демек, кайда баратканын алар жакшы билишерин айтып, мунун өзү өлкө үчүн деле жаман эмес деген пикирин билдирди.

Өлкөнүн коргоо министри Давид Кезерашвили маселени Грузиянын НАТОго мүчө болуу мүдөөсү менен түшүндүрдү. “Эгер биз алянска чындап мүчө болгубуз келсе, анда айрым жоопкерчиликти өзүбүзгө алып, союздун мүчөлөрү аткарып жаткан иштерге катышуубуз керек”,- дейт министр.

Сентябрдын башталышында Грузия Ооганстанга да НАТОлук контингенттин курамына өзүнүн чакан аскер бөлүгүн жиберүүгө макул болду.

XS
SM
MD
LG