Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 16:34

Пакистандын мурдагы премьер- министри мекенине келээр замат кайра депортацияланды


Наваз Шариф бүгүн Исламабадга жети жылкы сүргүндөн соң кайтып келген эле. Бирок бир нече сааттан соң кайра Сауд Аравияга депортацияланды. Мунун алдында Пакистан бийликтери аэропорттон аны коррупция боюнча айыптап, камакка алган.
Наваз Шарифтин өкмөтүн азыркы президент Первез Мушараф 1999-жылы аскерий төңкөрүш аркылуу кулаткан эле. Быйыл жыл соңунда Пакистанда жалпы элдик шайлоо өтөт. Наваз Шариф бул шайлоодо Мушарафка жана анын жактоочуларына каршы күрөшөрүн билдирген болчу. Бүгүн ал түшкөн учак Исламабаддын аэропортуна конгондо, Наваз Шарифтин ал жерге кирүүнү каалган жактоочулары полиция менен кагылышты. Анын партиясынын бир нече мүчөсү камакка алынды.

XS
SM
MD
LG