Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:49

Багдад Ирактагы америкалык аскерлердин санын 160 миңден 130 миңге кыскартуу сунушуна колдоо билдирди


БАГДАД. Ирак өкмөтү өлкөдө кызмат өтөп жаткан америкалык аскерлердин 30 миңин келерки жайга чейин чыгарып кетүү жөнүндө америкалык аскердик командачынын сунушун кубаттады. Бирок кечээ Конгрессте сүйлөгөн сөзүндө генерал Дэвид Петреус бул АКШнын Ирактагы стратегиясы түп тамырынан өзгөрдү деп айтууга негиз бербей турганын, аскерлерди эрте чыгарып кетүү чоң кыйроолор менен жоготууларга алып келе турганын белгиледи. Азыр Иракта 160 миңге жакын америкалык аскер кызмат өтөөдө.

XS
SM
MD
LG