Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2021 жума, Бишкек убактысы 21:30

13-СЕНТЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1855-жылдын 13-сентябрында пристав М. М. Хоментовский сарыбагыш манабы Жантай Карабековго кат жолдогон. 1884-жылдын бу күнү Шабдан Жантаев менен Сооромбай Кудаяровдор Талаа генерал-губернаторуна кепилдик кат менен кайрылышкан.

Улуу жүз казактардын приставы М. М. Хоментовский 1855-жылдын 13-сентябрында сарыбагыш манабы Жантай Карабековго кат жолдогон. М. М. Хоментовскийдин катында, бугу менен сарыбагыштардын ортосунда согуш жүрүп, кагылыштан Ормондун өлгөнү туурасындагы маалымат орус бийлигине белгилүү болгондугу жазылат. Мындан тышкаары, Ормон шейит учкандан кийин сарыбагыш уруусуна Жантайдын бийлиги орногондугу белгиленип, ага калк арасындагы бөөдө кан төгүүнү токтотуу өтүнүчү айтылат. М. М. Хоментовскийдин катында белгиленгендей, Жантай Карабеков орус приставына сарыбагыш менен бугу урууларынын ортосундагы согуштун чыгышы жана ага Ормон хандын катышы туурасында кабарлап тургандыгы байкалат.

Түркстан генерал-губернатору Кауфмандын 1875-жылдын 13-сентябрындагы аскер министрине билдирүүсүндө, 1875-жылкы көтөрүлүшкө чейин жоокер мүнөз кыргыздардын Россия империясына болгон мамилеси оң экендигин белгиленет. Анын баамында кыргыздардын көтөрүлүшү түздөн-түз Кокон хандыгына каршы багытталып, орус саясатына анын байланышы жок болгон.

Генерал Скобелев 1875-жылдын сентябрь айында Ош шаарын согушсуз басып алгандан кийин, Кокон хандыгынын аскер башчысы Абдрахман Афтобачи жүздөгөн жоокери менен Ош шаарын айланып Карасууга келген. 13-сентябрда генерал Скобелев Асаке аркылуу Маргалаңга өтүп, мындагы падышалык аскердин негизги күчү менен бириккен.

Аскер старшинасы Шабдан Жантаев менен Токмок уездинин манабы Сооромбай Кудаяровдор 1884-жылдын бу күнү Талаа генерал-губернаторуна кепилдик кат менен кайрылышкан. Алар Токмок уездине караштуу Тогуз тороо волостунун молдосу Мамырбай Кубатбековду түрмөдөн бошотууну өтүнүшүп, аны коомчулукка кабыл алыныш кепилдигин ала тургандыгын билдиришкен.

Верный шаардык Тинтүү пунктунун начальниги 1916-жылдын 13-сентябрында он алтынчы жылкы кыргыздардын көтөрүлүшүнө байланыштуу иликтөөсүн Түркстан генерал-губернатордугуна жолдогон. Анын иликтөөсүнө ылайык Токмок, Кочкор жана Ысыккөлдүн түштүк бөлүгүндөгү көтөрүлүшчүлөрдүн жетекчилери аныкталган. Көтөрүлүшкө Атаке, Сарыбагыш, Абайылда, Темирболот, Шамурза, Байсейит, Курманбет, Шамшы, Бурана, Тынай, Жумгал, Курманкожо, Кочкор, Жубанарык, Ниязбек сыяктуу болуштуктардын эли катышкандыгы жана алардын жетекчилери ким экендиги такталган.

1938-жылкы сталиндик террор жаңыдан түптөлө баштаган кыргыз интеллигенциясына, мамлекет куру салтына оор сокку урган. Нечендеген адамдар жазыксыз атылып, миңдеген адам куугун-сүргүндү башынан кечирген. Сталиндик Кызыл террордун идеологдорунун бири-В. Ходоков 1938-жылдын 13-сентябрында кыргызстандык жетекчилерди кескин сынга алган. Анын жазганына ылайык «Правда» гезитине жарык көргөн «Буржуазные националисты» макаласы жарык көргөндөн беш өткөндөн кийин барып кыргыз жетекчилиги Кыргызстан Элдик комиссарлар кеңешинин төрагасы Исакеев менен жериштери боюнча нарком Эсенамановду Кыргызстан Коммунисттик партиянын Борбордук Комитетинен чыгарган деп айыптаган.

Бу күнү, 1788-жылы Нью-Йорк АКШ борбору атанып, 1942-жылы Сталинград үчүн согуш башталып, 1851-жылы америкалык врач, безгек оорусунун себебин ачкан Уолтер Рид, 1894-жылы англис жазуучусу, драматург Джон Пристли жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG