2008-жылы Бишкек-Самара-Бишкек, Бишкек-Уфа-Бишкек багыттарында каттамдарды ачуу чечими сентябрь айынын башында Ташкенде өткөн КМШ өлкөлөрүнүн темир жол кызматтарынын кеңешмесинде кабыл алынган. Улуттук компаниянын маалымат кызматы билдиргендей, Бишкек-Екатеринбург багытында жүргүнчүлөрдүн саны өтө көп болгондуктан келерки жылдан тартып бул багытта кошумча рейстер ишке киргизилет.