Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:13

ДЕПУТАТТАРДА ДООМАТ КӨП, БИРОК ӨКМӨТ ДА МОЮН БЕРБЕЙТ


Мал ылаңынын көбөйүшүнө жана нандын кымбаттагандыгына байланыштуу өкмөттүн иш-аракети тууралуу Жогорку Кеңештин токтому бүгүн кабыл алынган жок. Токтомдун долбоору боюнча депутаттар бир пикирге келе албай жатышат. Айрым депутаттар өкмөттүн ишине канааттандырбайт деген баа берүү керек деген сунуш менен чыгышты.Өкмөт башчы болсо аткаруу бийлиги менен парламент чогуулап иштегенде гана кыйынчылыкты жеңүүгө болот деп моюн бербей турат.

Нандын баасынын кымбатташы, мал ылаңынын көбөйүшүнө байланыштуу маселе парламентте дээрлик бир жумадан бери талкууланып келатат. Бүгүнкү отурумда жарыш сөз алып сүйлөгөн депутаттар азык-түлүк бааларынын көтөрүлүшү жана өлкөдөгү эпизоотикалык абал тууралуу маселе менен бирге эле жалпы айыл чарбасындагы көйгөйлөр жөнүндө да сөз козгоп, мамлекеттик жетекчилер бул тармакка тиешелүү деңгээлде көңүл бурбай келгендигине токтолушту. Айрым депутаттар буудайдын айдоо аянттарын көбөйтүү үчүн дыйкандарга өкмөт тарабынан ар тараптуу жардам берүүнүн зарылдыгын белгилешти.

Премьер-министр Алмазбек Атамбаев буудай сатып алуу үчүн 750 млн сом бөлүнгөнүн жарыя кылды. Анын айтуусунда 600 млн сом Казакстандан буудай сатып алууга жумшалат, калганына жергиликтүү дыйкандардан дан сатып алынат.

Мал ылаңынын көбөйүшүнө, азык-түлүк бааларынын кымбаттаганына байланыштуу токтом долбоорун талкуулоо учурунда парламент мүчөлөрүнүн ортосунда бир топ кайчы пикирлер жаралды. Депутат Камчыбек Ташиев долбоордо өкмөткө сунуш гана айтылып калган деген дооматын билдирди:

-“Карап чыксын, кабыл алсын, камсыз кылсын” деген гана түйүндөр. Муну бизсиз деле билет өкмөт. Токтом кабыл алганга жараша түзүгүрөөк токтом кабыл алууга тийишпиз, -деди Камчыбек Ташиев.

Депутат Кубатбек Байболов өкмөттүн ишине түз эле “канааттандырарлык эмес” деген баа берүү керек дейт:

-Мен бир эле пункттан турган токтом болсун деген сунушту айтар элем. Өкмөттүн мал ылаңына да, азык-түлүк бааларынын кымбатташына да байланыштуу жасаган ишин “канааттандырарлык эмес” деп табылсын.

Кубатбек Байболовдун пикирине каршы чыкккан парламент мүчөсү Акматбек Келдибеков өкмөттүн ишин “канааттандырарлык эмес” деп баалап коюудан баа ылдыйлап кетпейт деген ойдо. Ал өкмөттүн тиешелүү деңгээлде иш алып баруусун камсыздоо үчүн керектүү каражат бөлүп берүүнү сунуштады:

-Баа берүү керек, бирок андан баалар ылдыйлап кетпейт. Бюджет биз аркылуу өтөт. Мал оорусу боюнча, ветеринардык кызмат боюнча беш-он күндүн ичинде өкмөт өзүнүн программасын апкелсин. Аны карап, акча менен бекитип берели. Өзүңөр билесиңер оору мурда эле башталган, бирок маселенин баары акчада, акча бөлүнгөн эмес,-дейт Акматбек Келдибеков.

Ошентсе да депутаттардын басымдуу бөлүгү өкмөттүн ишин жетишсиз деңгээлде аракет көрүлгөн деп баалоону сунушташты.

Азык-түлүк бааларынын көтөрүлүшү, мал ылаңынын көбөйүшү сыяктуу маселе жалпы кыргыз элинин башындагы көйгөй, ошондуктан, аткаруу бийлиги менен парламент чогуу иш алып барганда гана кыйынчылык жеңилет деген премьер-министр Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын экономикасында жакшы бурулуштар болот деген ишенимин билдирди:

-Экономиканы көтөрүү үчүн экономикага инвестиция жасоого өкмөткө мүмкүнчүлүк бериш керек. Мен азыр айттым: нан, ун сатып алганга Талдыбулак алтын кени үчүн 750 млн сом алдык. Бирок андан башка дагы Кумтөр боюнча келишимди ратификация кылып берсе, өкмөттө экономикага, айыл чарбага пайда болмок, он беш жылдан бери болбогон акча болмок.

Мал ылаңына жана азык-түлүк бааларынын көтөрүлүшүнө байланыштуу токтомдун долбоорун талкуулоону парламент эртең улантат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG