Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:55

МТРКны РЕФОРМАЛОО МАСЕЛЕСИ АРА ЖОЛДО КАЛДЫБЫ?


13-сентябрда МТРКнын Жарнама-коммерциялык агенттигинин директору Бакыт Аманбаев маалымат жыйын өткөрүп, андагы жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу билдирди. Анын айтымында каналды реформалоо эки баскычта жүргүзүлүп жатат. Биринчиси, материалдык-техникалык базасын чыңдоо, экинчиси берүүлөрдүн сапатын эл аралык стандарттарга теңөө. Ал учурда МТРКдагы реформа экинчи баскычына келип калганына токтолду. Бирок, жарандык коомдун өкүлдөрү мамлекеттик каналды коомдук кылып түзүп, байкоочу кеңеши түзүлмөйүн олуттуу реформа болду деп айтуу кыйын дешет.

Айрым байкоочулар МТРКны реформалоо маселеси ара жолдо турат дешкени менен башкалары реформа уланып жатканын айтышууда. Маселен, МТРКнын Жарнама-коммерциялык агенттигинин директору Бакыт Аманбаевдин айтымында, каналды реформалоонун бир багыты катары дүйнөлүк деңгээлдеги спорттук жана маданий иш-чараларды көрсөтүү болуп саналат. Анын айтымында, дүйнөдөгү эң кызыктуу футболдук мелдештердин бири болгон УЕФАнын чемпиондор лигасы да 18-сентябрдан тарта МТРК аркылуу түз эфирден көрсөтүлөт жана бул - каналдын өнүгүп баратканын көрсөтөт. Ошондой эле ал МТРКнын жетекчилиги каналды жалпысынан эки баскычта реформалоону ишке ашырып келатканына токтолду:

- Реформаны биз эки баскыч менен ишке ашырып атабыз. Биринчи этабында компаниянын ичи-сыртын ирээтке келтирип, журналисттерге мыкты шарттарды түзүп, студиялардын бардыгын компьютерлештирдик. Эми жакында планыбыз бар, телеканалдын маалымат аналитикалык кызматын толук түрдө окутабыз. Бул журналисттердин эл аралык стандарттарда иштөөсүнө өбөлгө түзөт. Эми буюрса жакында структуралык реформа болот. Кыргызстандагы биринчи структуралык реформа бизде болот.

Бирок айрым жарандык коомдун өкүлдөрү МТРКны реформалоо маселеси аны коомдук кылып түзүүдөн башталышы керек дешет. Айрым байкоочулар телеканал коомдук болмоюнча, кандай болгон күндө да тар чөйрөнүн кызыкчылыгын көздөп, саясаты эч өзгөрүүсүз калат дешет. “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоевдин пикири да буга үндөш:

- Менимче негизги өзгөрүүлөр, реформалар коомдук телеканал түзүүнүн эң башкы баскычтарынын бири болгон байкоочу кеңешти түзүүдөн башталса болот эле. Себеби ал дагы деле түзүлбөй келатат. Байкоочу кеңеш түзүлүп, генералдык директорун шайлап, ал эми жаңы директор коомдук телеканал болууга эмне жетишпей жатканын аныктап, ошол багытта реформа болсо жакшы болмок. Техникалык жактан иш кылып атабыз дегендери менен чынында коомдук телеканал болуу демилгеси токтоп калып атпайбы. Алар адамдардын көңүлүн башка жактарга буруп кетип атышат.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев МТРКны реформалоо боюнча мыйзам долбоордун автору. Анын айтымында бул маселе Жогорку Кеңеште карала баштаса, байкоочулар кеңешине болгон конкурс кайрадан жарыяланышы ыктымал:

- Коомудук байкоочу кеңеш түзүшүбүз керек. Ошол боюнча төрага менен сүйлөшүп, кайрадан жарыя берели деп сүйлөшүп атабыз. Мурда кеңешке талапкерлер Бектемир Мурзубраимовдун комитетинен өткөн, алар сессияга алып чыкпай атышат да, анткени май айындагы конкурс өтө чукул арада болуп калган. Ошондуктан конкурсту кененирээк кылалы деген ойлор бар.

“Эр айдоочу” коомдук бирикмесинин жетекчиси Качкын Булатов, учурда МТРКда эч кандай реформа жүргөн жок деген ойдо. Анын айтымында, бул канал эски бийлик учурундагыдай өлкө башчыларын гана мактап туруп алды:

- Мамлекеттик телеканалдын эң эле кыжырлаткан нерсеси бир тараптуулугу болуп калбадыбы. Саясий жана коомдук лидерлерди жамандап, анан эле президент же А.Мадумаров бир сүйлөп койсо эле он-он беш күн көрсөтүп атышат. Андан башка Кыргызстанда жаңылык калбай калгансып, булар өз бийлигин сактап атышат.
XS
SM
MD
LG